Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:10

"Жалгыз кызым комада". Бишкекте машине уруп кеткен Азизанын апасы Мирзиёевден жардам сурады


Дилафруз Каримова
Дилафруз Каримова

Өзбекстандын жараны кызы Бишкекте бир жарым ай мурун жол кырсыгына кабылып, комага түшкөнүн, тиешелүү мекемелер тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканын айтып кайрылды. Бишкек шаардык милициясы кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинин акыркы курсунда окуп жаткан өзбекстандык Азиза Гулмуродова жолдон өтүп баратканда машине уруп кеткен.

Жол кырсыгы көчөгө коюлган видео байкоого түшүп калган. 25 жаштагы Азиза кырсык болгондон бери ооруканада эсине келбей жатат.

Анын энеси 43 жаштагы Дилафруз Каримова Бишкекте жакындары же таанышы жок болгондуктан күндүз кечке оорукананын астында жүргөнүн, кечкисин ар кайсы жерде түнөп жатканын айтып берди.

“Университеттин жолунда авария болуп, комага түшүп калган экен. 2-апрелде кызыма телефон чалсам, жооп бербеди. Кыжалат болуп кайра чалдым. Курсташы жооп берди. Азиза кана десем, “Азиза авария болду, Тез жардамга алып баратабыз” деди. Менин кызымдан башка эч кимим жок. Азыркы абалы аябай оор”.

Азиза Гулмуродова мурдагы жана азыркы.
Азиза Гулмуродова мурдагы жана азыркы.

Дилафруз жалгыз бой эне. Өзбекстандын Кашка-Дарыя аймагынын тургуну жалгыз кызы кырсыкка кабылганын укканда эле жашап турган үйүн сатып, Бишкекке келген.

Азыр акчасы түгөнгөн сайын, аргасы кете баштаган экен. Азизага күндө дары керек. Ал эми дары-дармек арзан эмес дейт Дилафруз.

“Дарыканаларга карызмын. Милицияга арыз жаздым, такыр караган жок. Сураныч жардам бергиле. Жалгыз кызымдан башка эч кимим жок. Апам коронавирустан каза болгон. Сиңдим да өтүп кетти”, - деп ыйлады аял.

Азиза быйыл окууну аяктамак. “Тиш догдур болом, жума күнү бир адамга жардам берем” деп кыялданган кыздын ооруканада жатканына эки айга чукулдады. Аргасы түгөнгөн Дилафруз кызын Өзбекстанга алып кетүүгө аракет кылууда.

Азиза Гулмуродова жаткан жандандыруу бөлүмү. Дилафруз кызынын абалын билүү үчүн эшик алдында дарыгерди күтүп турат.
Азиза Гулмуродова жаткан жандандыруу бөлүмү. Дилафруз кызынын абалын билүү үчүн эшик алдында дарыгерди күтүп турат.

Өзбекстандын элчилигинен жардам болбой жатканын айткан аял, коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевден жардам сурап кайрылды.

“43 күндөн бери көчөдө жата берип, өзүм да ооруп калдым. Кызымды Өзбекстанга которуш керек. Жат шаардамын. Өзбекстандын элинен, президентинен жардам сурайм. Кызымдан башка эч кимим жок, сураныч жардам кылыңыз. Элчиликке бардым, канча жолу сурандым, Бирок жардам бербеди. Машинада уруп кеткен жигит дагы жардам берген жок. Кечээ акыркы жолу – үчүнчү жолу МРТ кылдык. Жыйынтыгы жаман чыкты. Абалы оор. Мойнунан тешип коюшуптур, ошол жерден дем алып жатат. Кызым ушул жерде, мен дагы ушул жердемин. Эч жакка кете албайм. Көчөдө жатып жүрөм. Кафелердин ажатканасына кирем”.

"Азаттык" Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганда бул маселени консулдук карап жатканын айтты.

Дилафруз эрте, 17 жашында турмушка чыккан экен. Жалгыз кызы кийин бирөөнүн колун карабасын деп Кыргызстанга окууга жиберген. Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинде Азиза акы төлөп билим алчу.

Дилафруз Каримова.
Дилафруз Каримова.

“Өзбекстандан башка классташтары менен бул жакка окууга тапшырган. Классташтары окууларын Өзбекстанга которуп кетишти, кызым которула алган жок. Мен которуп бере албадым, аябай аракет кылсам да которо албадым. Кызым врач болсо, ар жума күнү колунда жокторду акысыз дарылайм деп ниет кылган. Ошол күнгө жетели, кудай буюрса... Аябай жакшы окуган, жакшы кызым бар. Мугалимдери да жакшы көрөт, акылдуу кыз эле. Акыркы курс, үч айдан кийин диплом алмак. Ординатураны эч болбосо Өзбекстанда бүтүрөт дегенбиз. Беш жылдан бери жыл сайын 2500 доллар контракт төлөйм”.

“Эч жакка качкан жокмун”

Жол кырсыгына кабылган 25 жаштагы студенттин комада жатканын алгач укук коргоочу Азиза Абдирасулова элге айтып чыкты. Анда ал кыргыз бийлигине кайрылып, кызды автоунаасы менен коюп кеткен жигит камалбаганын жана ал Дилафрузду коркутуп жатканын жазган.

Биз 2-апрелде Исакеев көчөсүндө кызды уруп кеткен Айдар аттуу адам менен байланыштык. Ал кыздын апасына чалып, коркутканын четке какты.

“Көрбөй калдым. Астыман чуркап өткөнүн байкабай калдым. Өзү нары жактан чуркап чыгып урунуп калды. Коюп кеткенден жардам берип жаттык. Эч кимдин башына мындай иш түшпөсүн, колдон келген жардамды берип жаттык. Апасы менден чоң суммадагы акча талап кылып жатат. "Түркияда иштейм, Өзбекстанда үйүм жок" деп чоң акча сурап атат. Менде анча акча жок. Колуман келген жардамды берип жатам. Эч жакка качкан жокмун, эч кандай коркуткан да жокмун. Мен эмнеге коркутмак элем? Кудай сактасын андай сөз оозуман чыга элек. Алла Таала күбө”.

Дилафруз Каримова күндүр-түндүр оорукана алдында жүрөт.
Дилафруз Каримова күндүр-түндүр оорукана алдында жүрөт.

Жол кырсыгына байланыштуу бул окуяны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тергеп жатканы маалым болду.

“2025-жылы 2-апрелде саат 13:30 чамасында 1999-жылы туулган айдоочу “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Баялы Исакеев көчөсүнүн чыгыш тарабында бара жатып 2000-жылы туулган Г.Аны коюп кеткен. Г.А алган жарааттарынан улам кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факт боюнча Бишкек ШИИБнын Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, бардык керектүү соттук экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгына жараша Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык чара көрүлөт”,- деп айтылат Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы берген маалыматта.

Азизанын апасы оорукананын сыртында күндүн ысыгына, шатырап төккөн жамгырга карабай чүрпөсүнүн жакшы болушун кудайдан тилеп басып жүрөт. Азиза учурда улуттук госпиталдын 2-жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Дарыгерлер анын абалы тууралуу видеого сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Алардын айтымында, кыздын ички органдары, сөөктөрү катуу жабыр тарткан эмес. Абалы туруктуу.

"Колдон келген бардык жардамды берип жатабыз. Ал эми комага түшкөн адамдын качан өзүнө келерин айтуу кыйын", - деди Улуттук госпиталдын жетекчилиги.

Жол кырсыгы Кыргызстанда жыл сайын ондогон өмүрдү алган чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө. Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда 2025-жылдын башынан март айына чейин 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза тапкан. Дагы 2 миңден көп киши ар кандай жараат алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG