Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:05

Израилдин Газадагы ооруканага урган соккусунан ондогон адам мерт болгону кабарланды


Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда.
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис районундагы ооруканага жасалган Израилдин аба соккусунан кеминде 28 адам мерт болуп, дагы ондогон киши жараат алды. Бул тууралуу АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС уюму көзөмөлдөгөн Жарандык коргонуу агенттиги кабарлады.

Маалыматтарга караганда, Израил армиясы ооруканага алты авиабомба таштаган, анын негизинде оорукананын короосу менен ага чектеш аймак талкаганган.

Израилдин армиясы "ХАМАСтын террорчуларынын борборуна таамай сокку" урулганын, ал оорукананын алдында жайгашканын билдирди.

Би-Би-Си жараат алгандардын арасында алар менен кызматташып жүргөн штаттан сырткаркы кабарчы дагы бар экенин маалымдады.

Мунун алдында Израилдин армиясы ХАМАСка каршы операцияларын "күчтөндүрүү жана кеңейтүү" үчүн такоолдогу он миңдеген аскерин чакырып жатканын жарыялаган.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды.

Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу келишимдеринин жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок ХАМАС дагы эле 59 кишини туткунда кармап турат жана алардын айрымдары мерт болгон болушу мүмкүн.

Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 52 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.

ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG