Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:25

Чукул кабар: Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 40 градуска чейин ысыйт


Бишкек, архивдик сүрөт.
Бишкек, архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 16-17-май күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 35-40 градуска чейин ысышы мүмкүн. Таласта 22-38 градуска жетиши ыктымал.

"Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда сак болууга, күндүз ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз", - деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында айрым депутаттар күн адаттан тыш ысып, айрым аймактарда фермер-дыйкандар сугат суу каатчылыгына кабылышы мүмкүн экенин эскертишти жана өкмөттү буга байланыштуу чукул чараларды көрүүгө чакырышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөөдө дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Кыргызстанда абанын ысышы эки эсе тездик менен жүрүп жатканы айтылган. Ага ылайык, өлкөдө 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөн жана жакынкы он жылдыкта көрсөткүч дагы жогорулашы мүмкүн.


Шерине

XS
SM
MD
LG