Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:16

Eurovision-2025: биринчи жарым финалдагы техникалык мүчүлүштүк сынга кабылды


Швейцариянын Базел шаарында Eurovision-2025 эл аралык ыр сынагы башталды. 13-май күнү биринчи жарым финалга катышкан 15 өлкөнүн ырчыларынан 10у финалга өттү. Таймаш ар кандай жанрдагы ырлар, шоулар жана техникалык мүчүлүштүк менен эсте калды.

Финалга өткөн 10 өлкө: Норвегия, Албания, Швеция, Исландия, Голландия, Польша, Сан Марино, Эстония, Португалия, Украина.

Ал эми Словения, Белгия, Азербайжан, Хорватия жана Кипр финалга чыкпай калды. Жеңүүчүлөр көрөрмандардын добушу менен аныкталды.

Экинчи жарым финал 15-майда болот. Ага 16 мамлекеттин ырчылары катышат. Андан 10 ырчы финалга тандалат. Финал 17-майда өтөт.

Букмекерлер быйыл жеңүүчү болушу мүмкүн деп болжолдогон Швециянын KAJ триосу сауна жөнүндөгү тамашалуу Bara bada bastu ыры менен катышууда. Фавориттердин арасында Австрия, Франция, Нидерланд жана Израилдин ырчылары да бар.

Швейцариянын өкүлү Зое Мёнун биринчи жарым финалдагы чыгышы шоунун эң көп талкууланган учуру болду. Ал Voyage ырын аткарып жатканда видеокамера техникалык мүчүлүштүктөн улам иштебей, эфирде кадрлар бир саамга катып калды. Ошол замат сахнада “Сураныч, телефонуңардын жарыгын күйгүзгүлө” деген жазуу чыкты. Бул жагдайды социалдык тармактарда Zoë Mëнун күйөрмандары сындап жазышты.

Швейцария сынакты өткөрүп жаткандыктан, түз эле финалда күч сынашат. Ошондуктан Зoе Më биринчи жарым финалда сахна ээси катары ырдаган. Уюштуруучулар анын номерин финалда кемчиликсиз көрсөтүүгө убада беришти.

  • Европа телерадиоберүү бирикмеси (EBU) Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келет. Эрежеге ылайык, бирикменин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Улуу Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат. Ким утса кийинки жылдагы жарыш анын өлкөсүндө болот. 2024-жылкы таймашты швейцариялык Nemo жеңген.
  • Орусия Украинага согуш ачканы үчүн үч жыл мурда жарыштан четтетилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG