Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:18

ЖК Кендирбаева менен Орозовду министр кызматына дайындоого макулдук берди


Догдургүл Кендирбаева менен Бактияр Орозов.
Догдургүл Кендирбаева менен Бактияр Орозов.

Жогорку Кеңеш 14-майдагы жыйынында Догдургүл Кендирбаеваны агартуу, ал эми Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди. Талкуу маалында депутаттар жогорку окуу жайларындагы, мектептердеги билим берүүнүн сапаты, илимий изилдөөлөрдүн абалы, китеп таңкыстыгы, билим берүү тармагын реформалоо, оптималдаштыруу маселелерин көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров 12-майда Кендирбаева менен Орозовду министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Анын алдында Билим берүү министрлигин экиге бөлүү тууралуу чечим кабыл алган.

Ага ылайык, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарат.

Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттер Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлгөн.

59 жаштагы Кендирбаева 2023-жылы ноябрдан бери билим берүү, илим министри болуп иштеп келген.

Ал эми 39 жаштагы Орозов буга чейин юстиция министринин орун басары болуп эмгектенип жаткан. Анын алдында билим берүү министринин орун басары болуп турган.

Шерине

XS
SM
MD
LG