Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:40

12-майдын аба ырайы


Бишкек.
Бишкек.

12-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 27…29 градус болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG