Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушта 30 күндүк тыныгуу жарыялоо тууралуу сунушка макул болбой, анын ордуна Киев менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү, мындай жолугушууну, балким, 15-майда Стамбулда өткөрсө болорун сунуш кылды.
11-майга караган түнкү Москвадагы брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус президенти Украина менен Орусия 2022-жылдын апрелинде, орус аскерлери Украинага каршы толук масштабдуу кол салуусун баштагандан бир нече аптадан кийин өткөн сүйлөшүүлөрдү кайрадан улантууга чакырды.
“Ошол жолугушууда атышууну токтотуу тууралуу кандайдыр бир жаңы мунасага жетише алышыбыз мүмкүн”, - деди Путин.
Орус президентинин бул билдирүүсүнөн көп өтпөй Украина борбор калаасы Киев орусиялыктардын абадан соккусуна кабылганын билдирди.
Украина, АКШ жана Европа өлкөлөрү азырынча комментарий бере элек.
10-майда Германия, Франция, Польша жана Улуу Британия лидерлери украин президенти Владимир Зеленскийге колдоосун билдирип, атышууну 30 күнгө эч кандай шарт койбостон токтотуу зарылдыгын белгилешкен жана Москвага эгер орус президенти Владимир Путин мындай сунуштан баш тарта турган болсо жаңы жапырт санкциялар жарыяланарын эскертишкен.
Алар Украинанын борбор калаасы Киевге барып, Зеленский менен жолугушуу өткөрүшкөн, ошондон соң АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүшкөн.
"Биз баарыбыз АКШ менен биргеликте Путинге чакырык таштап жатабыз. Эгер ал чынында эле тынчтыкты кааласа, иш жүзүндө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилүүдө", - деп пресс-конференцияда айткан Кир Стармер мындан ары эч кандай "эгер", "бирок" деген сыяктуу шарттар коюлбашы керектигин кошумчалаган.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Киев жана анын бардык союздаштары 12-майдан тартып "жерде да, абада да, сууда да" ок чыгарууну кеминде 30 күнгө толук жана шарт койбостон токтотууга даяр экенин билдирген.
10-майда Киевде Украинага аскердик жана саясий жардамды улантууну каалагандардын коалициясынын саммити өттү. Бул коалицияга Улуу Британия, Дания, Эстония, Финляндия, Исландия, Латвия, Литва, Нидерланд, Норвегия, Швеция жана Украина мүчө.
8-майда Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп атышууну 30 күнгө токтотууга кайрадан чакырып, эгер мунаса табылбай турган болсо Вашингтондун жана анын союздаштарынын жаңы санкциялары башталарын эскерткен. (RK)
Шерине