Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Европа лидерлери Киевде чогулуп, атышууну 30 күнгө токтотууга колдоосун билдиришти


Солдон оңго: Дональд Туск, Кир Стармер, украин президентинин жубайы Елена Зеленская, Владимир Зеленский, Эммануэл Макрон жана Фридрих Мерц. Киев. 2025-жылдын 10-майы.
Солдон оңго: Дональд Туск, Кир Стармер, украин президентинин жубайы Елена Зеленская, Владимир Зеленский, Эммануэл Макрон жана Фридрих Мерц. Киев. 2025-жылдын 10-майы.

Германия, Франция, Польша жана Улуу Британия лидерлери украин президенти Владимир Зеленскийге колдоосун билдирип, атышууну 30 күнгө эч кандай шарт койбостон токтотуу зарылдыгын белгилешти жана Москвага эгер орус президенти Владимир Путин мындай сунуштан баш тарта турган болсо жаңы жапырт санкциялар жарыяланарын эскертишти.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын жаңы канцлери Фридрих Мерц, Зеленский жана Улуу Британия менен Польшанын премьер-министрлери Кир Стармер жана Дональд Туск бул тууралуу 10-майда Украинанын борбор калаасы Киевде өткөн жолугушуудан кийин билдиришти. Жолугушуудан соң алар АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүштү.

"Биз баарыбыз АКШ менен биргеликте Путинге чакырык таштап жатабыз. Эгер ал чынында эле тынчтыкты кааласа, иш жүзүндө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилүүдө", - деп пресс-конференцияда айткан Кир Стармер мындан ары эч кандай "эгер", "бирок" деген сыяктуу шарттар коюлбашы керектигин кошумчалады.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Киев жана анын бардык союздаштары 12-майдан тартып "жерде да, абада да, сууда да" ок чыгарууну кеминде 30 күнгө толук жана шарт койбостон токтотууга даяр экенин билдирди.

10-майда Киевде Украинага аскердик жана саясий жардамды улантууну каалагандардын коалициясынын саммити өттү. Бул коалицияга Улуу Британия, Дания, Эстония, Финляндия, Исландия, Латвия, Литва, Нидерланд, Норвегия, Швеция жана Украина мүчө.

8-майда Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп атышууну 30 күнгө токтотууга кайрадан чакырып, эгер мунаса табылбай турган болсо Вашингтондун жана анын союздаштарынын жаңы санкциялары башталарын эскерткен. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG