Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28
Киев дрон чабуулунан кийин. 7-май, 2025-жыл
Киев дрон чабуулунан кийин. 7-май, 2025-жыл

Түз ободо Украина: Үч күндүк элдешүү жараяны күчүнө кирди

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:04 8.5.2025

Украинада Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган үч күндүк элдешүү 8-майда эртең менен күчүнө кирди.

Украин лидери Владимир Зеленский ок атууну 72 саатка эмес 30 күнгө токтотууга үндөп келатат.

Украинанын чоң шаарларында мурдагы күндөргө салыштырмалуу түн тынч өткөнүн, орус тараптын жапырт дрон, ракеталык чабуулдары катталбаганын Reuters жазды.

Украинанын Аба күчтөрү түндө ракеталык жана дрон чабуулдары болбогонун ырастап, бирок орус тарап өлкөнүн түндүгүндөгү Сумы облусуна башкарылуучу бомба кое бергенин билдирди.

Сумы облусунун Белополье шаарындагы сокку тууралуу "Суспільне Сумы" басылмасы да кабарлады. Чабуулда үч үй, жети чарбалык курулуш талкаланып, уранды алдынан бир аялдын сөөгү табылды.

Элдешүү күчүнө кирерден бир саат мурда Константиновкадагы турак жайга авиабомба тийгенин Донецк облустук прокуратурасы маалымдады. Ал соккуда көп батирлүү үч үй жана дүкөн жарым-жартылай талкаланып, кеминде 12 киши жараат алды.

Фронттогу салгылашуулар да токтодубу, жокпу азырынча белгисиз. Reuters өз булактарына таянуу менен шаршемби эртең менен майданда кармаштардын добушу угулбаганын кабарлады.

Элдешүүнүн биринчи күнүндө эле эки тарап тең бири-бирин келишимди бузду деп айыптап чыгышты.

Орусияда айрым облустарда айгай жарыяланып, аэропорттор жабылды. Липецкиде жарылуу болду, ал жакта дрон атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Орус бийлиги 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын Украинадагы миңдеген кишинин өмүрүн бейкүнөө кыйган апаат үч жылдан ашык убакыттан бери уланып, эл аралык коомчулуктун катуу сынына, санкциясына кабылган шартта өткөргөнү турат.


16:09 7.5.2025

7-майда Бишкек-Москва каттамдары кармалып жатканын "Манас" эл аралык аэропорту кабарлады. Маалыматка караганда, Москвага авиакаттамдар убактылуу токтотулду.

"Домодедово аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да уча турган YK960 каттамы аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу уча элек. Ушул эле аэропортко уча турган YK883 рейси кармалып турат", - деп айтылат маалыматта.

"Манас" эл аралык аэропорту ушу тапта 130 жүргүнчү Москвага авиакаттамды күтүп жатканын жана алар тамак-аш менен камсыз болгонун билдирди.

Москванын "Шереметьево" аэропорту каттамдарды кабыл алып жатканы кабарланды.

Соңку күндөрү Москва облусу жана Москва шаары дрон чабуулуна кабылууда. Ушундан улам Орусиянын баш калаасындагы аба майдандарынын иши үзгүлтүккө учурап, авиакаттамдар кармалып жатканы маалым болду.

13:59 7.5.2025

Орусиянын Москва, Тула жана Саранск аймактары 7-майга караган түнү дрон чабуулуна кабылганы кабарланды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Тулада дрондор аскердик ишканаларды бутага алган, Саранскиде оптикалык була (оптоволокно) заводунда өрт чыкты. Орусияга караган Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов башкалаа Саранскиде коркунуч тууралуу эскертүү берилгенин кабарлап, жашоочуларды этият болууга, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

Astra Телеграм-каналы жергиликтүү тургундар тарткан видеолорду жарыялап жатат. Анда өрт, жалынды, түтүндөрдү көрүүгө болот.

Москванын үстүндө дагы эки дрон атып түшүрүлгөнүн мэр Сергей Собянин 7-майда маалымдады. Муну менен 6-майдын кечинен бери Москваны бутага алган 17 дрон атып түшүрүлгөнүн айтты.

Орусиялык Baza Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен Красноармейскиде дрондорду ракетадан коргонуу системасы аткылаганын жазды.

Красноармейск — Москванын түндүк-чыгышында, 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ал арада Росавиация дрон чабуулунан улам жабылган Москвадагы Внуково жана Шереметьево аэропорттору кайра иштей баштаганын кабарлап, кайра эле Казан аэропорту жабылганын жарыялады.

Он мүнөттөн кийин Шереметьево кайра убактылуу жабылды деген маалымат таратты.

Дрондор үч күндөн бери Москваны бутага алууда. Орусия дрон чабуулу үчүн Украинаны айыптайт. Бирок орус армиясы Украинанын жарандык жайларын бутага алууну, өлкөгө жапырт сокку урууну токтотпой жатат. Орусиянын чабуулдарынан Украинада күн сайын киши өмүрү кыйылууда. 7-майга оогон түнү Киевдеги дрон чабуулдары эки кишинин өмүрүн алды, онго чукулу жараат алды.

Москва Украинага толук масштабдуу басып кирген 2022-жылдын 22-февралынан бери миңдеген украин жараны каза болду. Украинанын жооп иретинде Орусияга карата дрон чабуулдарында да бир нече киши набыт кеткен.

Киев адатта Орусияга учурулган дрондор тууралуу комментарий бербейт.

13:21 7.5.2025

Орусиянын армиясы 7-майга караган түнү Украинанын баш калаасы Киевге чабуул койду. Дрондордун калдыктары турак жайларга түшүп, эки киши каза тапканын украин бийлиги билдирди.

Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, соккудан калаанын Святошинск, Соломенск жана Днепров райондору зыян тартты. Атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары ар кайсы райондордо үч үйгө тийди.

Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Телеграм каналында Днепров районунда көп кабаттуу үйдүн жогорку эки кабаты жарым-жартылай талкаланганын, Святошинскиде көп кабаттуу турак жайдын үч кабаты өрттөнүп жатканын тактады.

Шевченковскиде дрон калдыктарынан дагы бир турак жайда жана дүкөндө өрт чыкты.

Кийинчерээк Киевдин мэри Орусиянын түнкү чабуулунан жараат алгандар сегизге жеткенин, төрт киши ооруканага жаткырылганын билдирди. Калганына дарыгерлер жеринде жардам көрсөтүшкөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG