Орусияда "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин эмгек мигранттарынын укуктарын чектөө жаңы дем менен уланууда. Өлкө түштүгүндө - айрыкча Краснодар крайында, Волгоград жана Ростов облусунда тыюу күч. "Кавказ.Реалии" сайты чет элдиктерге ашкере көзөмөл эмнеге алып келерин талдады.
Апрелдин соңунда Ростов облусунун губернаторунун милдетин убактылуу аткаруучу Юрий Слюсарь чет элдик жарандарга эмгек патенти менен тоо-кен тармагында жана фитнес-борборлордо иштөөгө тыюу салган буйрукка кол койду.
Расмий маалыматка ылайык, бул чечим "Орусиядагы мигранттарды иш менен камсыз кылууга приоритет жасоону" көздөйт. Мигранттарды тоо-кен жана фитнес-борборлорго жолотууга тыюу салуу эмнеге негизделгенин аймактын бийлиги түшүндүргөн жок.
Март айында мигранттарды патент менен ишке кабыл алууга жарым-жартылай тыюу салуу Волгоград облусунда күчүнө кирген: азыр аларга билим берүү, саламаттык сактоо, жүргүнчү каттамында жана жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу жаатында иштөөгө болбойт.
Жергиликтүү бийликтер мындай чечим "аймактын эмгек рыногун өнүктүрүү жана жергиликтүү изденүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмүн көтөрүү максатында" кабыл алынганына ишендирүүдө.
"Жаңы система эмгек мигранттарын тартуу процессин иретке келтирүүгө жол ачып, чет элдик жогорку квалифициялуу адистерге басым жасайт, эрежеге ылайык алар патент эмес, иш берүүчүнүн арызы жана эмгек визасы менен жумушка орношот", - деп билдирген калкты иш менен камсыз кылуу боюнча облустук комитеттен.
Патент - визасыз режимге кирген өлкөлөрдүн жарандарына Орусияда мыйзамдуу иштегенге жол берген ыкма. Ал аймак үчүн жана ишкердиктин түрүнө жараша мыйзамдаштырылат. Патенти жок чет элдик жаранды ишке кабыл алууга тыюу салынат, мыйзам бузуу үчүн айыппул жана ишкердикти токтотуу каралган. Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн - Беларус, Казакстан, Армения жана Кыргызстандын жарандарынан патент талап кылынбайт. Андан тышкары мигранттарга Украинанын Орусия басып алган аймактарында иштөөсү үчүн патент талап кылынбайт, март айында бул чечимди президент Владимир Путин узарткан.
Мигранттарды чектөө жагынан Краснодар крайы алдыда, 2025-жылдан тарта чет элдиктердин патент менен бардык тармакта иштөөсүнө тыюу салынган.
Курулуш тармагы гана бул тизмеге кошулган жок - иш берүүчүлөргө 1-июлга чейин жеңилдик берилди. Кубандык бийликтер кабыл алынган чараларды "эмгек ресурстарынын оптималдуу балансын кармап туруу аргасыздыгы жана Орусиянын жарандарын ишке орноштурууга приоритет жасоо" деп түшүндүрүштү.
Адистешкен сайттардын маалыматында, 2025-жылы жазында Орусияда 6 миллиондон ашуун чет элдик жүрөт. Алардын 10 пайызга жакынынын өлкөдө иштөө үчүн мыйзамдуу негизи жок.
Февралдан тарта Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер үчүн "көзөмөлдөгү жүздөрдүн реестри" иштей баштаган.
Мыйзам бузууга шектүүлөргө турак жай же транспорт каражаттарын сатып алууга, банк кызматтарын пайдаланууга болбойт, никеге тура албайт жана ИИМдин уруксаты жок жашаган жерин алмаштырбашы керек. Эгер мигрант бул тыюуларды бузса, депортация болот жана бул үчүн полициянын чечими жетиштүү.
Март айында ИИМдин башчысы Владимир Колокольцев "көзөмөлдөгү жүздөрдүн реестрине" 685 чет элдик киргенин жарыялаган: ал "жүздөрдүн" айрымдары системадагы мүчүлүштүккө даттанган. Полиция мыйзамсыз жүргөндөрдүн басымдуусу аялдар менен балдар экенин билдирген.
Башында мигранттар 30-апрелге чейин "өзүнүн укуктук статусун жөнгө салышы" керектиги айтылган, бирок Путин бул мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартты. Апрелде президент үч ай ичинде Орусиянын ИИМнин миграция боюнча башкы башкармалыгынын базасында Чет элдиктердин жарандыгы жана каттоосу боюнча кызмат түзүүнү тапшырды.
Полиция катуу чектөөнүн фонунда жасалма миграциялык документтер кескин көбөйүп, 40 пайыздан ашканына даттанган.
Мигранттарды жумушка алуудагы түрдүү чектөөлөр "Вёрстканын" маалыматында орусиялык 50 аймакта ишке кирип, негизинен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарына багытталган.
Бул кырдаалда патент менен иштеген чет элдиктер өтө кыйын абалда калууда, алар жашаган жеринде же өлкөнүн башка аймагына барып жумушка орношо албайт. Жыйынтыгында аларга мыйзамсыз иштөөгө туура келет же мекенине кайтууга тийиш.
Муну менен катар жашылча базаларында, кампаларда, курулушта чет элдиктерди жана алардан акча алып орусиялык мыйзамдардан кыйгап өтүүгө жардам бергендерди кармоо боюнча полициянын рейддери жүрүп жатат. Өлкө түштүгүндөгү Краснодар крайында мындай рейддер байма-бай болууда.
Орусиянын паспортун алууга жетишкен жана мыйзамдуу иштеп жаткан чет элдиктерге аскерге чакыруу тапшырылып, күч менен аскердик каттоого тургузулууда.
Украинадагы согушка баруу орусиялык паспортту ала электерге да сунушталып, алар баш тарткан учурда депортация кылган учурлар катталган. ИИМдин маалыматында 2024-жылы 300 миңдей "миграциялык мыйзамды бузууну аныктоого багытталган иш-чара өткөн".
Армия, гетто же депортация
Мигранттарды кодулоого каршы "Мемориал" борборунун эксперти Стефания Кулаеванын айтымында, жаңы чектөөлөр этникалык өзгөчөлүгү эмес, жарандыгы боюнча чектөө деп бекитилгендиктен юридикалык жактан ксенофобия катары каралбайт.
Бирок иш жүзүндө бул укуктук жактан туураланган дискриминация.
"Аны юридикалык жактан актоо оң, жарандардын приоритетин эске алып жатышпайбы. Бирок иш жүзүндө аялуу топтор - кыргыздар, тажиктер, өзбектер же ошол эле өлкөлөрдүн атуулу болгон этникалык орустардын өзү да жабыр тартууда. Жаңы чектөөлөр Орусиянын паспорту жоктордун баарына тиешелүү", - деп түшүндүрдү Кулаева.
Укук коргоочунун айтымында, кабыл алынган чаралар бизнеске сокку уруп, ансыз да укуктук жактан туңгуюкка кептелген мигранттарга кесепетин тийгизүүдө. Мурда орусиялык паспорт алардын жашоосун жеңилдетсе, азыр бул тузакка айланды, жаңы жарандарды армияга баруу тобокелдиги тооруп, паспорту жоктор тынымсыз кармоо менен жүдөтүштү.
"Эгер атуулдугуң жок болсо, курулушта, жатакана же базарда болсун тынымсыз куугунтукка алынасың. Үйлөнүү тойдо отурсаң же спорт залда жүрсөң дагы кармашат. Эгер атуулдук алсаң - аскердик каттоо күтүп турат. Азыр мобилизация жок, бирок каалаган учурда ал башталышы мүмкүн. Адамдын тагдыры бычактын мизинде", - деди укук коргоочу.
Анын айтымында, мамлекеттик машина барган сайын агрессивдүү болууда. Укук коргоочу бул кампаниянын лидери катары Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинди атап, анын социалдык тармакта мигранттарга байланыштуу даттанууларга, анын ичинде балдарын талашы менен коңшулардын чарбалык чырына чейин чагылгандай тез реакция кылып отурганын сындады.
"Ушундай жогорку кызматта отурганына карабай анын ролу күлкү келтире тургандай болуп калды. Биринчи класста окуган кайсы бир кыргыз бала орус бала менен чырдаша кетти. Кыргыз баланын ата-энеси болушуп, орус баланын ата-энеси менен кайым айтышты. Беркилер Бастыркинге жазган экен ал баарын таштап, жети жаштагы балдар эмнени чече албай жатканын териштирип жүрөт. Бул башкы федералдык мекеменин жетекчисинин деңгээли", - дейт Кулаева.
Анын айтымында, болуп жаткандар мобилизациялык тапшырмага байланыштуу. Мигранттарга каршы кампания ириде популизм, көйгөйдөн элди алаксытуу жана ички коркунучка басым жасоо максатын көздөйт.
"Бирөөнүн тууганы өлүп жатат, бирөө фронттон майып болуп кайтууда, бирөөнүн экономикалык абалы кескин начарлап, бирөө чет өлкөгө мындан ары бара албай калды. Баары ыза болуп турат. Ким күнөөлүү? Америка, Украина, деги койчу дүйнөнүн теңин бизге жоо деп санайбыз. Бирок алар алыста. Ал эми тажик бул жерде, маршруттук такси айдап жүрөт. Аны күнөөлүү кылуу жеңил".
Социолог жана тарыхчы Дмитрий Дубровский Орусиядагы мигранттарга карата катаалдашкан көзөмөл экономикалык дагы, мобилизациялык дагы логикага жатпай турганына кошулат.
Анын айтымында, кеп мурдатан эле башталган коопсуздук процессинде, жарандык чөйрөдөгү миграция полициянын көзөмөл объектисине айланды.
"Орусиядагы миграция коопсуздук маселесине айланганы качан? Бир кезде аны менен Федералдык миграция кызматы иштечү, аны сындаса болот анткени жарандык мекеме эле. Андан кийин ИИМге өткөрүп беришти, ушундан тарта миграция полициянын маселесине айланды. "Крокус Сити Холлдон" кийин бийликтер мигранттарга туруктуу коркунуч катары карай баштады. Логика жөнөкөй: мигранттар жок жерде, баш оору да жок", - дейт Дубровский.
Маектеш ошол эле маалда орусиялык экономика согуштук нукка түшкөндүктөн мигранттарга мурдагыдай муктаж эмес экенин белгиледи. Башкы максат - жарандык секторду өнүктүрүү эмес армия жана коргонуу ишканаларын күчтөндүрүү болууда:
"Азыр жумушчу күчүнүн кереги жок. Согушкан же аскердик заводдо иштеген адамдар керек. Ошон үчүн мамлекет "жарандык алууну кааласаңар армияга баргыла" деп жатат".
"Мигрантофобия - бул сынга кабылчу аракет эмес, расмий маанайдын бир бөлүгү, Орусия "улутташкан мамлекетке" айланууда", - дейт ал.
Жыйырма жыл геттодон корко турганыбызды айтып келгенбиз. Азыр бийлик аны өзү түзүп жатат.Дубровский
Дубровскийдин пикиринде, бул азырынча "Орусия орустар үчүн эмес", бирок өз киши болгуң келсе, мээнет кыл деген империялык модель.
"Бул саясаттын кесепети белгилүү, Орусия геттолошууга кетип баратат. Мыйзамдуу экономикадан четке сүрүлгөндөр көмүскөгө кетип, аялуу топко айланып, криминалдык топтордун колуна түшүп калышы ыктымал.
Жыйырма жыл геттодон корко турганыбызды айтып келгенбиз. Азыр бийлик аны өзү түзүп жатат. Элди күнүмдүк ыргактан чыгарып, алар күңүрт же кара базарда үндөбөй калышууда. Иш берүүчүлөргө да ыңгайлуу, аз төлөшөт. Ал эми мамлекет көзөмөлдү жоготот. Бул адамдар таптакыр жок болуп кетпейт. Жөн гана көмүскөгө кетет. Же башка өлкөлөргө чыгып кетет. Миграция системасы урайт, аны менен катар мигранттарсыз иш жылбаган аймактардагы туруктуулукка да доо кетет".
Экономикалык баядамачы Максим Блант жумушчу күчү жетишсиз болуп жатканда эмгек мигранттары орус экономикасынын негизги ресурсу болуп жатканын белгилейт. Бирок бийлик бул реалдуулукту кабыл албай жатат деди ал.
"Экономика өнүгүү дараметин жоготууда. ИДӨнүн бир канча пунктуна өлкө жыл ичинде жете албайт. Орусиянын Борбордук банкы жазды эң башкы көйгөй- адам жетишсиздиги. Эч кандай акча бул көйгөйдү чече албайт, жаңыларды кайдан тапмак эле. Алардын жарымы фронтто өлүп жатат. Өнөр жай министри жакында өндүрүшкө 2 млн адам керектигин айтты. Мындан тышкары курулуш, айыл чарба дагы бар. Сезондо иштеген жумушчуларсыз аларга кыйын", - дейт экономист.
Ал мигранттарды жактырбаган орусиялыктар дагы күнүмдүк жашоосунда бул саясаттын жыйынтыгын жон териси менен тартууда дейт.
"Картөшкө баасы өткөн жылы эки-үч эсе жогорулады, анткени жумушчу жоктугунан түшүм убагында жыйналбай калды. Курулуш баасы өстү, анткени кранчы, ширетүүчү ж.б. ар кандай жумушту кылгандар жок болду. Мурда арзан жумушчу күчү менен кармалып келген баа бардык тармакта көтөрүлдү. Мигранттарды жумушка алуудагы жаңы чектөөлөр кандай экономикалык өбөлгө же факторлор болбосун, аны четке каккан саясий жана популисттик тарых".