Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган жумалык башталууда


Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын жумалыгы башталууда.

12-майда Жусуевдин эстелигин орнотуу үчүн Бишкек мэриясы бөлүп берген жер тилкесине таш коюу расмиси Тоголок Молдо паркында өтөт. Ушул эле күнү Мукаш Абдраев атындагы музыка мектебинде Бишкек шаарындагы китепканалардын район аралык сынагына старт берилет.

Сооронбай Жусуев 1943-1945-жылдары Панфилов атындагы сегизинчи гвардиялык дивизияда кызмат өтөп, эки жолу жараат алган согуш ардагери болгон. 13-майда эртең менен Иван Панфилов эстелигинин алдында аны эскерүү реквиеми уюштурулат. Ал эми түштөн кийин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Мезгил кайрыктары” адабий-музыкалык иш-чарасы болот.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети демилгелеген республикалык илимий-практикалык конференция Улуттук тарых музейинин чоң залында 14-майда өтөт.

15-майда, уюштуруучулар билдиргендей, Ала-Арча көрүстөнүндө Жусуевдин бейитине барып гүл коюлуп, куран окутулат. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башкы иш-чара – театрлаштырылган адабий-музыкалык мааракелик салтанат өтөт. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада китеп жана сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул күнү эртең мененки саат 7ден кечки 10го чейин УТРК каналында Жусуевге арналган атайын программалар тартууланат.

Ал эми 16-майда №98 жалпы билим берүү мектебине Жусуевдин атын ыйгаруу салтанаты өтөт. Бул мектеп Алтын Ордо конушунда жайгашкан.

Эл акыны Сооронбай Жусуев 2016-жылы 4-февралда 91 жаш курагында дүйнө салган.

Ал 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, Панфилов атындагы гвардиялык дивизияда кызмат өтөгөн. Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. 1998-жылы "Курманжан датка" аттуу ыр түрүндөгү романы үчүн Токтогул сыйлыгын алган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG