Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Камактагы Тилекмат Куренов менен байланышы бар дагы бир адам кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен байланышып, Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналып 44 жаштагы (Ш.Э.К.) дагы бир адам кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, облустук милицияга мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттерден турган топ Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында массалык баш аламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул ишке байланыштуу Жалал-Абад облусунун 44 жаштагы тургуну кармалды.

Апрель айында ушул эле иш боюнча Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 47 жаштагы (С.Ф.), Ош облусунун Кара-Суу районунун 27 жаштагы (М.О. аял киши) жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан тышкары Ысык-Көл облусунун (Р.Р. ) 50 жаштагы тургуну кармалган.

Аларга “Тилекмат Кудайберген уулунун жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видеолорун монтаждап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар менен жайылткан” деген айып коюлууда. Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген.

Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) жазган делген катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган укук коргоочу Рита Карасартова да камалган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG