Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүндү

Билим берүү жана илим министрлиги

Президент Садыр Жапаров Кыргызcтанда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки министрликти - Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарат.

Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттер Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлдү.

Жарлыкка ылайык, Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.

Президенттин басма сөз кызматы жарлык жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жана инновациялык иштерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынганын кабарлады.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги иштеп келаткан. (BTo)

Дагы караңыз

Министрлик Диагностикалык борбордо маселе чечилгенин билдирдиОманда Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы өттүТрамп израилдик-америкалык жаран Газадагы барымтадан бошотуларын бышыктадыБаткенде аскер кызматкери аткезчиликке шек саналып кармалдыКамактагы Тилекмат Куренов менен байланышы бар дагы бир адам кармалдыКой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башка күнгө жылдырылдыПрезидент өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеевге катуу сөгүш берди