Оманда жекшембиде АКШ менен Ирандын ортосунда Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы өттү.
Тикелей эмес жолугушуулар апрелден бери жүрүп келет. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери жок болгондуктан, тараптар арачылар, бул ирет Омандын өкүлдөрү аркылуу сүйлөшүүдө.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи акыркы раундду буга чейинкилерге караганда “олуттуурак” деп сыпаттады. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр илгерилеп жатат жана мындан ары да улана берет. Ошол эле маалда эмки айлампанын качан өтөрү айтылган жок.
Вашингтон дагы акыркы кездешүү “үмүт тартуулаганын” билдирди.
Катышуучулардын айткандарына караганда, Ирандын уран байытуу маселеси дагы деле мунаса табуу жолундагы негизги тоскоолдук бойдон калууда. Аракчи Ислам жумурияты уранды байытуудан толугу менен баш тартпайт, бирок анын деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн деп белгиледи.
АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф буга чейин Вашингтон Тегеран уран байытууну токтотууга тийиш деген принципиалдуу позицияда экенин билдирген.
АКШ Иранды атомдук куралга ээ болтурбоо зарылдыгын, анын алдын алууну айтса, Тегеран бул жааттагы программасы тынчтык максаттарын көздөрүн кайталап келет.
Шерине