Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11
Украинанын жана Батыштагы төрт өлкөнүн лидерлери. Киев, 10-май, 2025-жыл
Украинанын жана Батыштагы төрт өлкөнүн лидерлери. Киев, 10-май, 2025-жыл

Түз ободо Украина: Батыш лидерлери жардамды улантуу маселесин талкуулайт

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:19

Киевде 10-майда Украинанын жетекчилиги менен "каалоочулар коалициясына" кирген мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусу өтөт. Коалицияга Украинага аскердик жардам берүүнү улантууну колдогон өлкөлөр кирген.

Украиналык маалымат каражаттары билдиргендей, эртең менен Киевге Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, француз президенти Эмануэл Макрон жана Польшанын премьери Дональд Туск поезд менен барышты.

Украин тышкы иштер министри Андрей Сибига билдиргендей, жолугушууда Украинаны колдоодо европалык тилектештик боюнча маанилүү чечимдер күтүлүп жатат, согушта ок атышууларды токтотуу шарттары да талкууланат.

Орусия 8-майдан 10-майга чейин Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу үч күндүк элдешүү жарыялаган.

Украина бул аралыкта орус армиясы ок атышууну токтотуу режимин бир нече жолу бузганын билдирди.

14:04

Бейшембиде Жогорку Рада Украинанын АКШ менен түзүлгөн сейрек минералдар боюнча келишимин ратификациялады.

"РБК-Украина" басылмасынын маалыматында украин парламентинин 338 депутаты "макул" деп добуш берди. Украинанын экономика жана соода министринин орун басары Тарас Качка сейрек минералдар боюнча дагы эки кошумча келишим бар экенин бирок алар Жогорку Радага ратификация үчүн жиберилбей турганын билдирди.

30-апрелде АКШнын Каржы министрлиги Вашингтон менен Киев минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюшканын жарыялаган.

Каржы министри Скотт Бессент муну президент Дональд Трамптын талыкпаган аракети менен жетишилген тарыхый келишим десе, Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Кайра куруу боюнча инвестициялык фонд 50/50 деген негизде түзүлүп жатканын жана “эки тарап тең добуш берүү укугуна ээ” экенин билдирген.

Шмыгалдын маалыматы боюнча, келишимде Украина тараптан эч кандай карыздык милдеттенмелер каралган эмес. Андан тышкары келишим өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусуна тоскоол болбойт.

Март айында АКШ сунуш кылган келишимдин долбооруна украин тарап каршы пикир билдирген. Келишимдин алгачкы версиясына февраль айында кол коюлмак. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго атайын барган. Бирок Ак үйдө эки президент кайым айтыша кетип, макулдашууга кол коюлбай калган.

Президент Трамп бул келишим АКШга акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүк түзөрүн жана ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун айтып келет.

14:03

АКШнын президенти Дональд Трамп Киев менен Москва ок атышууну 30 күнгө токтотуу талабын аткарбаса, санкцияга илинерин эскертти. Бул тууралуу ал бейшембинин кечинде өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.

"АКШ эч кандай шартсыз 30 күнгө ок атышууну токтотууну талап кылат. Талап аткарылбаса, АКШ өнөктөштөрү менен биргеликте кошумча санкцияларды киргизет. Күнүгө миңдеген аскерлер набыт болуп жатат. Баары бул нерсе тезирээк аякташын каалаш керек. Мен, АКШ да ушуну каалап жатат", - деп жазды ал.

Трамп европалыктар менен бирге Орусия жана Украина ортосунда туруктуу тынчтыкты орнотуу аракети көрүлөрүн, азыркы анын талабы жыйынтыгында тынчтык келишимине алып келерин кошумчалады.

"Мунун баарын тез арада ишке ашырса болот, мен ал үчүн колумдан келген аракетимди жумшайм", - деди Трамп.

Мунун алдында Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон байланышты. Зеленский 30 күндүк ок атышууну токтотууга макул экенин, Москва да ушундай эле чечимге келерине үмүт артарын билдирген.

"Украина ар кандай форматтагы сүйлөшүүлөргө даяр. Бирок бул үчүн Орусия согушту токтотууга даяр экенин ок атпай көрсөтүшү керек. Президент Трамп согушту токтотууну каалай турганын жана ага жетүү үчүн колдоо көрсөтөрүн билдирди", - деп айтты Зеленский өткөн түнү кайрылуусунда.

Зеленский АКШ сунуштаган 30 күнгө ок атууну токтотуу демилгеси дагы эле күчүндө экенин эске салды.

Украина менен Орусиянын үч күндүк элдешүүсү 8-майда күчүнө кирген. Элдешүүнүн биринчи күнүндө эле эки тарап тең бири-бирин келишимди бузду деп айыптап чыгышты.

Буга чейин Пасха майрамын утурлай ок атпоо режими жарыяланып, анда дагы эки тарап бири-бирин шартты бузганы үчүн айыптаган.

17:04 8.5.2025

Украинада Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган үч күндүк элдешүү 8-майда эртең менен күчүнө кирди.

Украин лидери Владимир Зеленский ок атууну 72 саатка эмес 30 күнгө токтотууга үндөп келатат.

Украинанын чоң шаарларында мурдагы күндөргө салыштырмалуу түн тынч өткөнүн, орус тараптын жапырт дрон, ракеталык чабуулдары катталбаганын Reuters жазды.

Украинанын Аба күчтөрү түндө ракеталык жана дрон чабуулдары болбогонун ырастап, бирок орус тарап өлкөнүн түндүгүндөгү Сумы облусуна башкарылуучу бомба кое бергенин билдирди.

Сумы облусунун Белополье шаарындагы сокку тууралуу "Суспільне Сумы" басылмасы да кабарлады. Чабуулда үч үй, жети чарбалык курулуш талкаланып, уранды алдынан бир аялдын сөөгү табылды.

Элдешүү күчүнө кирерден бир саат мурда Константиновкадагы турак жайга авиабомба тийгенин Донецк облустук прокуратурасы маалымдады. Ал соккуда көп батирлүү үч үй жана дүкөн жарым-жартылай талкаланып, кеминде 12 киши жараат алды.

Фронттогу салгылашуулар да токтодубу, жокпу азырынча белгисиз. Reuters өз булактарына таянуу менен шаршемби эртең менен майданда кармаштардын добушу угулбаганын кабарлады.

Элдешүүнүн биринчи күнүндө эле эки тарап тең бири-бирин келишимди бузду деп айыптап чыгышты.

Орусияда айрым облустарда айгай жарыяланып, аэропорттор жабылды. Липецкиде жарылуу болду, ал жакта дрон атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Орус бийлиги 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын Украинадагы миңдеген кишинин өмүрүн бейкүнөө кыйган апаат үч жылдан ашык убакыттан бери уланып, эл аралык коомчулуктун катуу сынына, санкциясына кабылган шартта өткөргөнү турат.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG