7-майда Бишкек-Москва каттамдары кармалып жатканын "Манас" эл аралык аэропорту кабарлады. Маалыматка караганда, Москвага авиакаттамдар убактылуу токтотулду.
"Домодедово аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да уча турган YK960 каттамы аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу уча элек. Ушул эле аэропортко уча турган YK883 рейси кармалып турат", - деп айтылат маалыматта.
"Манас" эл аралык аэропорту ушу тапта 130 жүргүнчү Москвага авиакаттамды күтүп жатканын жана алар тамак-аш менен камсыз болгонун билдирди.
Москванын "Шереметьево" аэропорту каттамдарды кабыл алып жатканы кабарланды.
Соңку күндөрү Москва облусу жана Москва шаары дрон чабуулуна кабылууда. Ушундан улам Орусиянын баш калаасындагы аба майдандарынын иши үзгүлтүккө учурап, авиакаттамдар кармалып жатканы маалым болду.
Орусиянын Москва, Тула жана Саранск аймактары 7-майга караган түнү дрон чабуулуна кабылганы кабарланды.
Баштапкы маалыматтарга караганда, Тулада дрондор аскердик ишканаларды бутага алган, Саранскиде оптикалык була (оптоволокно) заводунда өрт чыкты. Орусияга караган Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов башкалаа Саранскиде коркунуч тууралуу эскертүү берилгенин кабарлап, жашоочуларды этият болууга, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Astra Телеграм-каналы жергиликтүү тургундар тарткан видеолорду жарыялап жатат. Анда өрт, жалынды, түтүндөрдү көрүүгө болот.
Москванын үстүндө дагы эки дрон атып түшүрүлгөнүн мэр Сергей Собянин 7-майда маалымдады. Муну менен 6-майдын кечинен бери Москваны бутага алган 17 дрон атып түшүрүлгөнүн айтты.
Орусиялык Baza Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен Красноармейскиде дрондорду ракетадан коргонуу системасы аткылаганын жазды.
Красноармейск — Москванын түндүк-чыгышында, 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Ал арада Росавиация дрон чабуулунан улам жабылган Москвадагы Внуково жана Шереметьево аэропорттору кайра иштей баштаганын кабарлап, кайра эле Казан аэропорту жабылганын жарыялады.
Он мүнөттөн кийин Шереметьево кайра убактылуу жабылды деген маалымат таратты.
Дрондор үч күндөн бери Москваны бутага алууда. Орусия дрон чабуулу үчүн Украинаны айыптайт. Бирок орус армиясы Украинанын жарандык жайларын бутага алууну, өлкөгө жапырт сокку урууну токтотпой жатат. Орусиянын чабуулдарынан Украинада күн сайын киши өмүрү кыйылууда. 7-майга оогон түнү Киевдеги дрон чабуулдары эки кишинин өмүрүн алды, онго чукулу жараат алды.
Москва Украинага толук масштабдуу басып кирген 2022-жылдын 22-февралынан бери миңдеген украин жараны каза болду. Украинанын жооп иретинде Орусияга карата дрон чабуулдарында да бир нече киши набыт кеткен.
Киев адатта Орусияга учурулган дрондор тууралуу комментарий бербейт.
Орусиянын армиясы 7-майга караган түнү Украинанын баш калаасы Киевге чабуул койду. Дрондордун калдыктары турак жайларга түшүп, эки киши каза тапканын украин бийлиги билдирди.
Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, соккудан калаанын Святошинск, Соломенск жана Днепров райондору зыян тартты. Атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары ар кайсы райондордо үч үйгө тийди.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Телеграм каналында Днепров районунда көп кабаттуу үйдүн жогорку эки кабаты жарым-жартылай талкаланганын, Святошинскиде көп кабаттуу турак жайдын үч кабаты өрттөнүп жатканын тактады.
Шевченковскиде дрон калдыктарынан дагы бир турак жайда жана дүкөндө өрт чыкты.
Кийинчерээк Киевдин мэри Орусиянын түнкү чабуулунан жараат алгандар сегизге жеткенин, төрт киши ооруканага жаткырылганын билдирди. Калганына дарыгерлер жеринде жардам көрсөтүшкөн.
- автор Айгерим Акылбекова
Москва облусу эки күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. 6-майга караган түнү Москванын Кызыл аянтынын 11 чакырым жерде дрон жок кылынганы кабарланды.
Шейшембиге караган түнү Орусиянын "Шахед" дрондору менен Одесса облусуна болгон чабуулда бир адам набыт болду. Жергиликтүү бийлик шаардагы инфратүзүмдөр жабыркап, өрт тутанганын билдирди.
Одесса облусунун Черноморск шаарынын мэри Василий Гуляев шаар тургундары арасында жабыркагандар жоктугун билдирди:
"Мына бул жакта адамдар турат. Бул үйдө биринчи топтогу эки майы жашарын айтышты. Кудай сактап, алар бул маалда үйдө жок экен. Аларды алып кеткен туугандарына рахмат. Алдын ала маалымат боюнча биздин шаарда жабыркагандар жок. Терезелер сынып, үйлөр жабыркады.
Түнкү саат үчтө Харьковдо орус армиясынын дрон чабуулунда эки киши жараат алганын жергиликтүү бийлик жарыялады. Маалыматка караганда, өлкөнүн экинчи чоң шаарында 6-майга караган түнү кеминде 20 жарылуу болгон. Бир нече турак үй, ашкананын имараттарын өрт каптады. Чабуул эки саатка созулганы, шаардын төрт району бутага алынганы кабарланды.
Соккунун кесепетинен Харьковдогу чоң базардын бири өрттөнүп кетти. Маалыматка караганда төрт адам ооруканага жеткирилди.
"Шахед" учуп келип эле жарылуу болду. Дароо өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, эл менен кошо өчүрө баштадык. Элди коркутуп, чабуул жасашканы - террорчулук", - деди Харьковдун тургуну Денис Залинский.
Өткөн түнү Орусия да дрон чабуулуна кабылганы маалым болду.
6-майда эртең менен Москванын аба майдандарына, Волгоград, Самара, Иванов, Калуга, Нижний Новгород жана Ярославль шаарларында аэропортторго киргизилген чектөө алынганы айтылды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Москванын жана Москва облусунун аймагында 19 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Жергиликтүү телеграм-каналдар Москванын Кызыл аянтынан 11 чакырым жерде “Каширская” метро станциясына дрон сыныктары түшкөнүн жазышты. Москванын мэри Сергей Собянин ал жерде куткаруучулар иштеп жатканын билдирди.
"Москва шаарын көздөй учурулган 19 дрон атып түшүрүлдү. Жабыркагандар жана кыйроо жок. Окуя болгон жерде тиешелүү кызматкерлер иштеп жатышат".
Бир күн мурун Подольск шаарына жакын жерде төрт дрон атып түшүрүлгөн. Москва облусуна март айында да дрон менен чабуул болгону кабарланган.
Аба соккуларынан улам Казан жана Нижнекамск аэропорттору коопсуздукка байланыштуу убактылуу жабылганын Росавиация жарыялады.
Ал арада АКШ лидери Дональд Трамп орус президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнүнө байланыштуу Украинада ок атышууну үч күнгө токтотуу сунушун кубаттады.
"Президент Путин үч күндүк ок атышууну токтотууну жарыялады, бул анчалык деле узак сезилбеши мүмкүн, бирок чындыгында бул көп. Баары эмнеден башталганын билебиз... Путин менен үч жыл сүйлөшпөгөн президентибиз болду. Азыркы нерсенин бири да, бул согуш да болбошу керек эле".
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Путиндин бул сунушун четке кагып, ок атууну токтотууну күтүп отуруунун кажети жоктугун айткан.
Зеленский ошондой эле АКШ сунуштаган 30 күнгө ок атууну токтотуу демилгеси дагы эле күчүндө экенин эске салды. Ушуну менен соңку бир айда Кремль ок атууну убактылуу токтотууну экинчи ирет сунуштады. Буга чейин Пасха майрамын утурлай ок аптоо режими жарыяланган. Бирок эки тарап тең анын шартын бузуп, бири-бирин айыптаган.