Орусия Украина менен 15-майга белгиленген Стамбул сүйлөшүүлөрүнө даярданып жатканын, Кремлде мындан башка маалымат жок экенин президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Орусия тараптан сүйлөшүүлөргө ким катышат деген суроого Песков: "Кремль Путиндин уруксаты менен орус делегациясынын курамын жарыялайт", - деп жооп берди.
Буга чейин бир нече Телеграм-каналдар делегациянын курамына Сергей Лавров менен Юрий Ушаков кирерин жазып чыккан, бирок маалыматтын булагын тактаган эмес.
Кремль буга чейин Владимир Путин 14-майда Москвада Малайзиянын премьер-министрин кабыл аларын жарыялаган.
Стамбулда 15-майда жолугушууну Путин сунуштаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга Путин менен көзмө-көз жолугушуу болсо гана барарын айткан.
Жакынкы Чыгышта сапар менен жүргөн АКШ президенти Дональд Трамп тараптарды түз сүйлөшүүгө чакырып, өзү да Стамбулга барып калышы ыктымал экенин билдирген.
Bloomberg шейшембиде өз булактарына таянуу менен Батыш мамлекеттери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ачыкталмайынча Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялабай турууну макулдашкан.
Азырынча Стамбулдагы жолугушуу болобу, жокпу белгисиз. Эки өлкөнүн делегацияларынын курамы да айтыла элек.
Бирок акыркы билдирүүлөр жана Орусия да, Украина да Түркиянын өкүлдөрү менен жолугушууга даярдыкты жигердүү талкуулап жатканы Стамбул сүйлөшүүсү болушу мүмкүн экенин көрсөтүп жатат.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Британиянын жана Польшанын премьер-министрлери Кир Стармер менен Дональд Туск 10-майда Киевде Зеленский менен жолуккандан кийин 12-майдан тарта ок атышууну токтотуу сунушун жарыялашкан. Алар Москва бул сунуштан баш тартса, жаңы санкциялар топтомуна кабыларын эскертишкен.
Путин Украина менен европалык лидерлердин 30 күнгө чейин ок атышууну токтотуу сунушунун ордуна Киев менен "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүүсүн Стамбулда өткөрүүнү сунуштаган.
Шерине