Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Жалал-Абадда эл аралык аэропорттун курулушу башталды


"Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун долбоору.
"Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун долбоору.

Сузак районунда 13-майда “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу башталды. Курулушка капсула салуу аземине президент Садыр Жапаров да катышты. Жаңы салына турган имарат эки кабат болуп, аянты 10 миң чарчы метрди түзөт. Аэропорт саатына 350 жүргүнчүнү өткөрүүгө ылайыкташат.

Аба майдандын учуу-конуу тилкеси 3800 метр болуп, эки рулеждик жол жана алты учак токтотуучу жай курулат. Бул аэропорт 4E категориясында салынып, Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң учактарды кабыл ала алат.

“Өлкөдө 2021-жылдан бери жүргүнчүлөрдүн агымы 46%, рейстердин саны 31% өстү. Жаңы учактар алынып, мурда токтоп турган аймактык аэропорттор ишке киргизилди. Мындай жетишкендиктерибиздин арасында “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын ордун белгилеп, анын ички каттамдарды баарын калыбына келтирип, Талас, Каракол, Кербен сыяктуу шаарлар менен аба байланышын камсыз кылууга жетишкендигин айта кетейин”, - деди Садыр Жапаров.

Азыркы Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы ачылган.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.

Шерине

XS
SM
MD
LG