Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Экономика министрлиги Кыргызстанда цемент тартыш болуп жатканын ырастады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда "цемент тартыштыгы байкалып жатканын" ырастады. Министрликтин басма сөз кызматынын 13-майдагы маалыматына караганда, Монополияны жөнгө салуу кызматы цементтин баасына байкоо жүргүзгөн.

Анда өндүрүлгөн цементтин негизги бөлүгү ири кардарларга, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга жөнөтүлүп жатканы, мындай жагдай базарда цементтин жетишсиздигине жана анын баасынын жогорулашына алып келип жатканы айтылат.

Мониторингдин жыйынтыгында айрым цемент заводдорундагы оңдоо иштерине жана сезондук суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу түндүк аймактарда М-400 үлгүсүндөгү мүшөктөп сатылган цементтин баасы кымбаттаганы байкалган.

“Мисалы, “Терек-Таш” цемент заводу боюнча оңдоо иштери 14-майда аяктап, 15-майдан баштап ишкананын толук кубаттуулукта иштөөсү башталат. Ал эми Кант цемент заводу (КЦЗ) пландуу тартипте иштеп, продукцияны мурунку көлөмдө жеткирүүдө. Өнүм жеткирүүдөгү артыкчылыктуу багыттар – улуттук инфраструктуралык объектилерди жана калкты үзгүлтүксүз камсыздоо болуп саналат”, - деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары айрым цемент заводдору 50 килограммдык цементтин баасын 10-20 сомго кымбаттатканы, айрымдары бааны мурдагыдай эле кармап жатканы кошумчаланган.

Кырдаалга байланыштуу Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмдөрү жер-жерлерде сатуучуларга негизсиз баа көтөрүүнү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Буга чейин социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Кыргызстанда цементтин баасы кымбаттап кеткени жана жетишсиз болуп жатканы айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG