"Жыйынтыгы жагымсыз болот". Орусиянын эскертүүсү эмнени каңкуулайт?
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет? Тышкы иштер министрлиги Ысык-Көлдөгү лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда кармалганын ырастады. Окуучуларын Анталиядагы олимпиадага алып бараткан мугалимди кармоого эмне себеп? Орус башкы дипломаты Сергей Лавровдун Өзбекстанда айткан сөзү талкуу жаратты. Ал Самарканддагы Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликтеги англисче жазууну сындап, “эмне үчүн орус тилинде жок” деп капа болгон.
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды
-
Май 05, 2025
Геленжик: Үч мигрантты уранды басып калды
-
Май 02, 2025
Сөз эркиндиги: Кыргызстан 24 баскычка артка кетти
Шерине