Кызыл аянттагы парадга күбө болгон 30ка чукул лидердин арасынан көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзиньпинге бурулду. Москвадагы жеңиш парадынын максаты эмне? Путиндин Украинада үч күндүк жарашуу сунушу ишке ашып жатабы?
Украинада согуш жүрүп жатканда Кызыл аянттагы аскердик парадга 30дай лидер күбө болду. Айрым эксперттер белгилегендей, Москва Жеңиш күнүн саясий пропаганданын куралына айландырдыбы? Бишкекте жүздөгөн киши жүрүшкө чыкса, Алматыда "Баатырларга таазим" деген акция өткөрүүгө бийлик уруксат берди.
Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өттү. Анын катышуучулары согуш ардагерлеринин, тылда эмгектенген ата-апаларынын сүрөтүн көтөрүп басышты. Ушул тапта арабызда согуштун 32 ардагери бар.
8-майда Бишкекте Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Президент Садыр Жапаров согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу жаңы маалыматтар жарыяланганын, тарыхчылардын алдында жаңы милдеттер турганын айтты.
Бишкектеги Диагностикалык борбордогу көйгөйдөн улам саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев сөгүш алды. 8-майга караган түнү Кремль жарыялаган үч күндүк жарашуу күчүнө кирди. Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.
Пакистан 7-майда эртең менен Индиянын ракета чабуулунан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады. Дели "Синдур" деп аталган аскердик операциянын алкагында Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына чабуул жасалып, тогуз жай бутага алынганын маалымдады.
Индия менен Пакистан бири-бирине сокку урду. Эки тараптан 30дан ашуун киши каза тапты. Кыргызстан кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. "Манас" аэропортунан Москвага учкан авиакаттамдар убактылуу токтотулуп, кайра жанданды. Ватиканда кардиналдар жаңы папаны тандоого киришти.
Австрияда жайгашкан «Евразия үчүн эркиндик» бейөкмөт уюму Карим Масимов Казакстандын премьер-министри болуп турганда ар кандай коррупциялык схемалар менен элдин эсебинен байыганы тууралуу кеңири баяндама жарыялады.
Саясатчы Султанбай Айжигитов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага арыз жазганын билдирди. Москва облусу эки күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. Казакстандын экс-премьери-министри Карим Масимов кантип байыган?
Москва облусу эки күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. 6-майга караган түнү Москванын Кызыл аянтынын 11 чакырым жерде дрон жок кылынганы кабарланды.
АКШда террордук уюм деп таанылган Йемендеги хуси козголоңчулары Санаа шаарына жана айланасына урулган 10го жакын сокку үчүн Вашингтонду айыптады. Анын алдында Иран колдогон топ АКШнын өнөктөшү болгон Израилди бутага алып, бир нече дүрмөт Тел-Авивидеги эл аралык аэропортко тийген.
Дагы жүктөңүз