Баткен облусунун Зардалы айылындагы эки өспүрүмдүн өмүрүн алган жарылуу иликтенүүдө. 17-апрелде Зардалыда белгисиз заттын жарылуусунан 5-8 жаштагы 2 жаш бала каза болуп, төртөө ооруканга жеткирилген. Балдардын бирөө ооруканага келаткан жолдо үзүлгөн. Төрт бала учурда Баткен облустук ооруканасында жатат. (Жарылуу болгон жерден сүрөттөрдү Баткен облустук ички иштер башкармалыгы сунуштады.)
Баткен: жарылуу болгон жер

1
Жарылуу болгон жер, Зардалы айылы, Баткен. 20-апрель, 2014

2
Айыл тургундары жарылуу болгон жерди көрсөтүүдө. 20-апрель, 2014.

3
Жарылуу болгон жердеги иликтөө иштери. 20-апрель, 2014

4
Зардалы Баткендин тоо таянган эң четки айылдарынын бири. 1999-жылы өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы атаган куралчан топ кирип келгенде айыл бир канча күн ошол жоочулардын колунда калган.