Глазгодо өтүп жаткан БУУнун климат саммити Жер шарын сактап калууга багытталган “акыркы аракет” катары сыпатталууда. Ага катышкан президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулуктун алдыда Кыргызстандын милдеттенмелерин жарыялады. Глазгого чогулган лидерлер тарых нугун бура алабы?
“Бүгүнкү Өзбекстан – кечээки Өзбекстан эмес”. Экинчи президенттик мөөнөткө шайланган Шавкат Мирзиёев Өзбекстан өзгөргөнүн, алдыда чоң максат турганын жар салды. Анын дээрлик атаандаштык жок шайлоодогу жеңишин Борбор Азиянын лидерлери жапырт куттукташты. Мирзиёевдин кайра шайланышы чөлкөм үчүн эмнеси менен маанилүү? Кыргыз-өзбек алакасы кандай абалда?
Немис композитору Людвиг ван Бетховен каза болгондон кийин анын бүтпөй калган 10-симфониясынын бир канча ноталары табылган. Жасалма интеллектинин жардамы менен аны аягына чыгаруу демилгеси ийгиликтүү аяктады. 9-октябрда Бетховен туулган Бонн шаарында атактуу композитордун 10-симфониясы жаңырды.
Бензин бир нече айдан бери кымбаттоонун үстүндө. Буга удаа, 15-октябрда өлкөдө электрэнергиясына жана жылуулукка жаңы тарифтер киргизилди. Буга чейин электрди үнөмдөө максатында айрым көчөлөрдө кечкисин жарык өчүрүлөрү кабарланган.
Германиянын Франкфурт шаарында кыргызстандыктар түптөгөн BIZ коомдук бирикмесинин ачылыш аземи өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган журтташтар, Кыргызстандын Германиядагы элчиси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
NASA уюму Эл аралык космикалык станцияга төртүнчү экипажын SpaceX Dragon борту менен 30-октябрда жөнөтөт. Алар орбитада алты ай болуп, космикалык туристтерди кабыл алып турушат.
Кыргызстан эгемендик алган 30 жыл ичинде өз мекенин таштап, бөтөн эл, бөлөк жерге кеткен жүз миңдеген мекендешибиз биз көрүп-билбеген кандай көйгөйлөргө туш болот? Мигранттын турмушунун бизге белгисиз көмүскө жактары кандай?
Голландиялык студенттер Күндөн алган энергия менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты. Эми Эйндховен технологиялык университетинин студенттери ашканасы, керебети бар бул унаа менен саякатка жөнөшөт.
Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун сайтындагы карта “Пандора кагаздарында” кыргызстандык кеминде бир саясатчы бардыгын көрсөтөт. Кыргызстандык бизнесмендер же саясатчылар канчалык офшорлордун пайдасын көрөт? Назарбаевдин “бейрасмий жубайынын” миллиондору, Азербайжан лидеринин Лондондогу кымбат хансарайларытууралуу ачыкка чыккан маалыматтар эмнеси менен маанилүү? “Биз жана дүйнө” программасында айтып беребиз.
Өткөн жекшембиде Eвробиримдиктин эң ири экономикасы – Германияда 16 жылдан бери биринчи жолу парламенттик шайлоо Ангела Меркелсиз өттү. Чоң саясаттан кетерин үч жыл мурун жар салган канцлер айымдын башкаруусу өлкө, Европа жана дүйнө үчүн кандай болду?
Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Душанбедеги саммитинде бир катар сунуштарды айтты. Ооган-тажик чек арасына өзгөчө көңүл бурулуп жаткан учурда аймактык аскердик уюм Кыргызстандын билдирүүлөрүнө кулак салабы?
Кыргызстанга турист катары келген чехиялык студенттер жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине туш болгонун айтып чыгышты. Алар кыргызстандык милиционерлер мас абалында унаа башкарды деп негизсиз күнөөлөп тагып, пара талап кылышканына даттанууда.
Өзбекстанда Ислам Каримовдун диктатордук доору аяктап, анын ордун Шавкат Мирзиёев басканына 5 жыл толду. Жаңы президент өзүн реформачыл саясатчы катары көрсөтүүгө аракет кылып, саясий туткундардын бир нечесин бошоткон, өлкөнү тышкы дүйнөгө ачууга умтулууда.
Кыргызстан Араб өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүп, ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууну көздөөдө. Инвестициялык кызматташтыктан бул жолу майнап чыгабы?
20 жылдык согуштан кийин АКШнын акыркы аскери Ооганстандан чыгып кетти. Талиб жетекчилеринин убадасына карабастан жоочулардын зомбулугу тууралуу кабарлар тарап жатат. Ооган элин кандай тагдыр күтүп турат? Жаңы ооган өкмөтү боюнча Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек?
Кыргызстандын куралдуу күчтөрү быйыл 140 өлкөнүн ичинен 93-орунга чыкты. Уюмдун анализине таянсак, Борбор Азияда Өзбекстандын, Казакстандын армиясы эң күчтүү.
28-августта Прага шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чара өттү. “Ала-Тоо” уюму уюштурган бул майрамга Чехиядан тышкары Германия, Венгрия, Австрия сыяктуу Европанын башка өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар да катышты.
Быйыл кургакчылык Орто Азия чөлкөмүн катаал сыноого салды. Айрыкча Казакстандын Мангыстау облусунда тарыхта болуп көрбөгөндөй жут ушу күнгө чейин бери эле дегенде үч миңдей мал жандыктын башын жалмады. Казакстанда болуп жаткан жуттун кесепети Кыргызстанга кандайча таасирин тийгизиши мүмкүн?
"Эгемендиктин балдары" долбоорунун кийинки каарманы Чехияда 18 жылдан бери жашап келген Алишер. Ал өзүнүн ким экендиги жөнүндө ой толгоп, "Мен чех эмесмин, бирок кыргызмын деп да айта албайм" дейт.
Акыркы эки күндө суу ташкыны Сузак районунда алты жашар наристенин, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алды. Өткөн жумада Аксы районунда сегиз кишини сел агызып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда сел коркунучу сакталып жатканын эскертүүдө.
Дагы жүктөңүз