Казакстанда коронавирус сертификаттарын бурмалоонун биринчи фактылары бир нече ай мурун Алматы шаарында аныкталган.
Кыргызстанда кургакчылык жана электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү менен инфляция дагы өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, учурда экономика жана финансылык секторду туруктуу кармоо үчүн өлкө имиджин көтөрүп, ишен
Казакстан «Жусан» операциясынын алкагында Сирия менен Ирактагы согуш талааларынан 600дөн ашуун жаранын алып келди. Алардын 40тан ашууну террордук уюмдардын Казакстан «Жусааралашканы үчүн ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган.
Ооганстандагы талибдер Борбор Азиянын чегине жакындап, өткөн аптада Тажикстан менен чек ара пунктун басып алды. Согушкерлерге туруштук бере албай, ооган аскерлери кошуна Тажикстан жана Өзбекстанга качып кирген учурлар да болду.
Чехияда кыргызстандык жаран киши колдуу болду. Адилет Сейитбековдун сөөгү 20-июнга караган түнү табылган. Азырынча анын өлүмүнө ким күнөөлүү экени белгисиз. Полиция кылмыш ишин ачып, териштирүү жүргүзүүдө. Бир адам шектүү катары кармалганы маалым болду.
Кыргызстандын дыйканчылык аймактарында сугат суу тартыш. Эң негизги Токтогул суу сактагычында суу былтыркыдан аз. Мындай шартта кандай чукул чаралар керек?
Карапайым калкты кыйнаган кымбатчылык. Кыргызстанда тамак-аштын баасы күн санап өсүүдө. Баалар асман чапчыган чакта айлап эт, жумуртка жана башка тамак-аштын түрүн жебей калган үй-бүлөлөр көбөйдү. Ансыз да расмий айтылгандай, өлкөдө 2 миллиондой киши жакырчылыкта жашайт.
Президент Садыр Жапаров түрк лидери Эрдоган менен жолугушуусунда аскердик кызматташтык тууралуу сөз кылды. Бишкек-Анкара соода-сатыктын жылдык көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу көптөн берки убаданы бекемдешти. Эрдоган кайрадан “Гүлен кыймылынын” маселесин көтөрдү.
Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы кеңсесинин мурдагы жетекчиси Фахри Солак президент Садыр Жапаровдун Анкарага сапарын утурлай "Азаттыкка" маек курду. Анда эки өлкөнүн экономикалык жана саясий кызматташтыгы тууралуу кеп козголду.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин Британиядагы хансарайы курулуп бүттү. Жалпы аянты 20 чарчы чакырымды ээлеген хансарай британ ханышасы Елизавета IIнин уулу ханзада Эндрюга таандык болгон.
Афиныдан Вильнюска бараткан жүргүнчү учактын Минскиге күчтөп кондурулуп, борттогу оппозициялык журналисттин кармалышы Беларус менен Батыштын мамилелерин ого бетер курчутту. Александр Лукашенко бийликте турган маалда Курманбек Бакиевдин Бишкекке экстрадициясы мүмкүнбү?
Кыргызстанда 60 миңден ашуун окуучу мектептин 11-классын аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайды жана кесипти тандоодо эмнеге көңүл бурушу керек? Германиядагы, Түркиядагы жана Кореядагы мекендештер кеңеш берет.
24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров экинчи ирет Орусияга барып келди. Сочидеги жолугушууда расмий Москва кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө жардам берерин билдирди. Чек аранын эки тарабынан 50дөн ашык адам өмүрү кыйылган куралдуу жаңжалдан кийин Орусиянын аралашканы эмне берет?
Кумтөрдүн айланасындагы соңку окуялар эл аралык аренада жана инвесторлор арасында кандай таасир калтырууда? Чет өлкөлүк инвесторлордун миллиондогон доллар доосуна кабылган кыргыз өкмөтү бул ирет эл аралык сотто утуп чыгабы?
Кумтөр кени ачылганда мамлекетти жетектеп турган туңгуч президент Аскар Акаевди кепке тартып, анын дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу суроолорго жооп алдык.
АКШнын аскердик базасын чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бирине жайгаштырышы ыктымал деген божомолдор канчалык негиздүү?
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал эки өлкөгө тең чоң сыноо болду. Эки тараптан 50дөн ашуун адам каза таап, жүздөгөн киши жараат алган жаңжалды жөнгө салуу кандай жүрүүдө? Бул окуянын кесепеттерин жоюп, жакын коңшулук мамилени калыбына келтирүү үчүн кандай иштерди аткаруу зарыл?
Германияда жана Британияда жашаган кыргызстандыктар бул мамлекеттердеги Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышты.
Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы 29-апрелде эртең менен 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга та
Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп үлгүрбөй жатышат. Ооруканаларга керебеттер жана кычкылтек концентраторлору жетишсиз. Кыргызстанда апрель айында эле 90дон ашуун адам коронавирустан көз жумду.
Дагы жүктөңүз