"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында Жеңиш күнүнө карата “Атадан калган туяк” спектакли көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө эки жылдын жүзү болду. Ал 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында капилет кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Акындын замандаштары анын ырларын окуп эскерет.
2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны каза болду. Андан бери эки өлкөнүн бийлиги бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок талаштуу тилкелер боюнча орток пикир табылган жок.
Норвегия, Түркиядагы жогорку маяналуу ишин таштап, кыргызстандык үч жигит Бишкекке кир жуучу каражаттарды чыгаруучу чакан цех ачкан.
Лейлектеги чек ара чыры учурунда Достук айылына бир нече снаряд түшкөн.
Октябрь окуялары боюнча жараяндын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залынан чыгарылды. Буга Атамбаевдин сотко нааразылыгын билдирип, тартип бузганы себеп болду. Буга чейин судья мурдагы президентти мажбурлап сотко катыштыруу чечимин чыгарган.
Кыргызстандагы Апрель окуясына 12 жыл болду. Бул күнү үй-бүлөлүк Бакиевдин режимине каршы чыккан демонстранттарга ок атылган. Жыйынтыкта Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, өлкөнү башкаруу Убактылуу өкмөттүн колуна өткөн. Ушул убакыт ичинде эмне өзгөрдү?
2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта ок тийген жарандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” коому соңку 12 жылдын ичинде революция учурунда алган жаракатынан улам 65 адам каза болгонун билдирди.
Украинага аскер киргизгенине байланыштуу батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларын күчөткөндөн бери бул өлкөнүн жарандары жер которууга мажбур болууда.
Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Украинага тилектештик акциясы өтүп, ага 50дөн ашык адам катышты.
Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык, Орусиянын жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди. Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.
Бангладештин он чакты жараны Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бирине иштегени келип, бирок келишимде көрсөтүлгөн айлыктарын ала албай, башка дагы чарбалык жумуштарга тартылып, кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Жумуш берген тарап муну четке кагууда. Бул окуяны милиция териштирүүдө.
Бишкекте BURANA FASHION WEEK 2022 деп аталган мода жумалыгынын 6-сезону ачылды. Мында 20дан ашык кыргызстандык дизайнерлер эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына койду.
Тасмаларда көп учурда терс каармандын ролун ойногон актёр, сүрөтчү Садыр Сагынбаев бир канча жылдан бери устачылык менен да алектенип келет.
Украина менен Орусиядагы кырдаалдан улам Кыргызстанда кээ бир дарылардын тартыштыгы байкалып, дары-дармектердин баасы жакын арада кымбаттай турганы айтылып жатат.
Бишкекте баңги заты күнүмдүк жашоого керектүү товарлардай эле интернет аркылуу сатылып, тарап жатат.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кире албай кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, 23-февралда беш чакырымга чейин тизилип турушат.
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Тез жардам клиникалык борборуна айландыруу демилгесинен чыккан чыр медицина тармагындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды. Саламаттык сактоо тармагынын бүгүнкү абалы кандай?
Сокулукта сабалып ооруканага түшкөн 1 жаш 8 айлык Егордун абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат.
Дагы жүктөңүз