"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну Жалил Каработоевдин баласы бир жыл мурун чек арадагы жаңжалда каза болгон. Анын сөөгү жерге берилгенден кийин үйүнө жалгыз көгүчкөн учуп келип, баласын жоготкон атанын жанынан чыкпайт. Жалил Каработоев үйүн байырлаган канаттууну баласынан келген белги деп билет.
25-январда үч өлкөдө: Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда электр энергиясынын иштөөсү масштабдуу аварияга кабылды. СССР учурунда бул система кубаттуу транзиттик электр линияларына (энергетикалык шакекчеге) бириктирилген. Иш жүзүндө бир өлкөдө авариялык өчүрүү болсо, жогорудагы система жардамга келмек.
Белгилүү төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо 17-январда 44 жашка толмок.
Транзиттик каттамдар менен “Манас” эл аралык аэропортуна түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаалар даярдалып, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып баруу жана андан ары өткөрүү уюштурулуп жатат.
2021-жылы президент, министр, депутат жана саясатчылардын талкуу жараткан, күлкүгө калган билдирүүлөрүн чогуу эстейли.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши жабылбай, тескерисинче, ага жаңы айыптар коюлганын билдирди.
Кыргызстанда жыл башынан бери 2800дөн ашуун өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 30дан ашуун киши жашоо менен кош кайтышты. Быйыл 11 айда катталган кырсыктар 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.
"Клооп Медианын" маалыматы боюнча, текшерилип, анализделген протоколдордун көбү кайра оңдолуп, жазылган. Бул болсо шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши ыктымал дейт “Клооптун” шайлоого мониторинг жүргүзүү кампаниясынын координатору Айзирек Алмазбекова.
Жарым коргоочу Алимардон Шүкүров Кыргызстандын "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Мындай наам ага 10-декабрда Бишкекте өткөн Football awards-2021 жыл мыктыларын тандоо салтанатында ыйгарылды.
Кыздар, аялдар жана энелер үчүн түзүлгөн "Чырак" билим берүү долбоорун колдоо максатында IT CLASSICA аттуу кайрымдуулук концерти өттү. Чогулган каражат графикалык дизайн, веб дизайн, SMM дизайн өңдүү окууларды ишке ашырууга жумшалат.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо өтөт. Парламенттин буга чейинки айрым чакырылыштары мөөнөтүнөн мурда таратылса, акыркы чакырылыштын мөөнөтү тескерисинче бир жылдан ашык убакытка узарды.
Конституциялык жаңы мыйзамдарга негизделген парламенттик шайлоо пропорционалдык жана мажоритардык (аралаш) системага ылайык өтөт. Мыйзамга ылайык, кыз-келиндерге 30% квота берилиши керек. Бул эреже канчалык сакталууда?
Кыргызстанда ушул апта аягында Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Бул саясий жарыш азык-түлүк жана күйүүчү май кыйла кымбаттаган учурга туш келди.
“Азаттык” Бишкек шаарындагы ири коррупциялык схеманы иликтеди. Азыркы учурда шаар бийлиги 934 млн. сомдун эсебин таппай жатат.
Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери Кыргызстан менен болгон товар алмашуу өскөнү байкалды. 2008-2015-жылдары товар жүргүртүү орто эсеп менен жылына 270 миллион доллор болсо былтыр 350 миллоин долларга чукулдады.
Кыргызстанда соңку бир жылдын ичинде машине кымбаттап, өлкө боюнча автоунаа тартыштыгы байкала баштады.
Үч районго бир депутат, эки башка бюллетень, азайган мандаттар жана күчөгөн атаандаштык. Кыргызстанда соңку 21 жылда биринчи жолу аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөнү турат. “Азаттык” анын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берет.
Индияда киши колдуу болуп каза тапкан келиндин жакындары президентке кайрылды. 27 жаштагы кыргызстандык Мыскал Жумабаеванын жана анын 1 жашар уулунун сөөгү ушул жылдын 21-сентябрында Индиянын Нью-Дели шаарындагы Калькаджи районунда табылган. Текшерүү учурунда эне бала бычакталганы аныкталган. Тергөө
Жогорку Кеңеш жетинчи октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады. Электр энергиясын пландуу өчүрүүлөр, көмүр тартыштыгы, кымбаттап кетишин айыптап, тиешелүү жетекчилер жоопкерчилиги суралышын айтышты. Бишкек шаарында көмүрдүн тоннас
Октябрь окуяларына толук бир жыл толду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы 10-ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты.
Дагы жүктөңүз