"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Бишкек шаарындагы троллейбустардын 200дөй айдоочусу маянаны көтөрүү талабы менен иш таштады. Алар иш учурундагы келтирилген зыянга кошумча акча берүүнү жана троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаровдун жумуштан кетүүсүн талап кылууда.
Бишкекте быйыл таза суу тартыштыгы өзгөчө курч болду. Жакында эле Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары суу талап кылып акцияга чыгып, жолду буугандан кийин жергиликтүү эки тургун жана акцияны чагылдырган блогер Эртай Искаков эки айга камалды.
Жыл жаңыргандан бери Кемин шаарынын жогору жагында майнинг ферма иштеп, мамлекеттин энергетикалык системасына туташып алган. Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал жарыяланып, кышында жарык өчүрүлүп жаткан маалда Кыргызстандагы ири майнинг ферманын ишмердиги суроо жаратат.
Бишкектин борборунда митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынганына бир жылдан ашты. Биринчи Май райондук соту чектөөнү 30-сентябрга чейин узартты. Бул жарандык активизмге кандай таасир этет? Жарандык активисттердин көз карашы кандай? "Азаттыктын" “Жаңы ой чабыт” программасында ушул тема талкууланды.
"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына беш жыл болду. 2018-жылдын каргашалуу 22-июлунда суук кабар кыргыз коомчулугуна желдей тараган.
Ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышты. Депутат азыр компанияга тиешеси жок экенин билдирүүдө. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмаком” компаниясына курулуш чырлары жөнүндө териштирди.
Орусияда мигранттарды тыкыр текшерүү уланып, мыйзам бузгандарды Украинадагы согушка азгырган, мажбурлаган аракеттер күчөдү. “Азаттыкка” кайрылган кыргыз мигранттары Орусиянын күч органдарынын орой мамилеси, согушка азгыруунун күчөгөнү жана миграциялык текшерүүлөр жөнүндө айтып беришти.
Абай Жумаев 50 жашта. Ал жыйырма жылдай маңзат колдонгон. Өзүнүн айтымында героин сайынган. Мындан төрт жыл мурда метадон терапиясы менен дарылана баштаган. Абай учурда кароолчу болуп иштейт. Ал жаштыгы маңзат кучагында өткөнүнө өкүнөт, мындан аркы жашоосун бейкапар өткөрүүнү самайт.
65 жаштагы Токтонасыров өлкөдөгү ар кыл маселе, көрүнүштөргө позициясын билдирген, өзгөчө акцияларды уюштурган активист катары белгилүү. Ал “Азаттыкка” өз турмушун көргөзүп, уюштурган акциялардын максатын айтып берди.
Түрк драматургу Тунжер Жүженоглу бул көрүнүштү баяндаган "Аялдар баш калкалоочу жай" спектаклин Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты сахналаштырды.
Кыл кыяк - элдик аспаптардын бири. Ал муң-зарлуу кайрыктарды өзүнө камтып, өткөн доордун музасын чакырып турат. Белгилүү кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев - кыл кыякты кийинки муунга кеңири жайылтууга аракет кылып жаткан өнөр адамы.
2020-жылы май айында Дастан заводунун алдындагы «Улан» ишканасынын жетекчилиги "Альфа Легион" менен жасалма келишим түзүп, бюджеттик акчадан 54 млн сом чыгарып кетти деп айыпталган. УКМК бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул журналисттик иликтөөдө мамлекеттик ишканадан миллиондор кандай жол менен чыгарылып кеткенин, бул кылмышка шектелгендер соттон кантип акталганын айтып беребиз.
Бишкекте алгачкы жолу Go Viral аймактык фестивалы өттү. Иш-чара IT, медиа, бизнес жана маданият тармагындагы алдыңкы адистерди бир жерге чогултту.
Шадыбек Эрназаров өлкөдөгү керамика чеберлеринин бири. Ал искусствонун бул тармагын өлкөдө өнүктүрүү үчүн алдыда керамика мектебин ачууну пландап жүрөт. Анын жубайы Кыял Аккүчүкованын ысымы да кыргыз сүрөт чөйрөсүндө таанымал. Таланттуу түйгөйлөр бири-биринин дүйнөсүн толуктап, колдоп келет.
10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү. Маданий иш-чара кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.
Кыргызстанда 25 жыл иштеп, “Сапат” билим берүү мекемесин негиздеген Орхан Инандынын уурдалып кеткенине бир жыл болду. Инанды аны уурдаган үч адамдын экөө кыргыз улутундагы адамдар экенин айтып келет.
“Дастан” заводу баштаган бир катар мамлекеттик ишканалардын Талантбек Иманов жетектеген Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөнү коомчулуктун катуу сынына кабылды. Министр Иманов менен Бакиевдердин жакын адамы Алексей Ширшовду эмне байланыштырат?
Казакстандын Нур-Cултан шаарынын “Жаштар” театры чыгармачыл сапары менен Бишкекте болду. Алар 18-майда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Жанарымдагы жалгыз обон” аталышындагы музыкалык спектакль койду.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү кинорежиссёр Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракеси Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгиленди. Майрамдык иш-чарага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты.
Баткен жана Ош облусунда ферула же сасык чайыр деп аталган өсүмдүккө байланыштуу чыр күчөдү. Бул бизнес менен алектенген компания үч миңге жакын жайыт жердин кыртышын бузуп, үрөн чачкан.
Дагы жүктөңүз