Чукул кабар: Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 40 градуска чейин ысыйт

Бишкек, архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 16-17-май күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 35-40 градуска чейин ысышы мүмкүн. Таласта 22-38 градуска жетиши ыктымал.

"Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда сак болууга, күндүз ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз", - деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында айрым депутаттар күн адаттан тыш ысып, айрым аймактарда фермер-дыйкандар сугат суу каатчылыгына кабылышы мүмкүн экенин эскертишти жана өкмөттү буга байланыштуу чукул чараларды көрүүгө чакырышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөөдө дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Кыргызстанда абанын ысышы эки эсе тездик менен жүрүп жатканы айтылган. Ага ылайык, өлкөдө 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөн жана жакынкы он жылдыкта көрсөткүч дагы жогорулашы мүмкүн.

Дагы караңыз

Израилдин Газадагы ооруканага урган соккусунан ондогон адам мерт болгону кабарланды ЖК: Жанар Акаев Кой-Таш окуясында оор жараат алган генерал Курманкуловдун маселесин көтөрдү Бишкекте курулуштагы кырсыкка жол берүүгө шек саналып эки адам кармалды Ак-Талаада жер титирөөдө 100дөй турак жай, соцобъект жабыркаганы такталды Трамп Стамбулда украин-орус сүйлөшүүсү өтсө ага Рубио катышарын билдирди