Германиянын жана жалпы эле Европанын тышкы саясатына жаңы дем берем деген убада менен кызматка киришкен Мерцтен үмүт чоң.
Бирок Германиянын жаңы канцлери бул саясий сапарында бир мүдүрүлүп кайра турду. Бундестаг өз тарыхында биринчи жолу бир талапкерге эки жолу добуш берүүгө мажбур болду. Евробиримдиктеги эң кубаттуу өлкөнүн лидери болууга биринчи жолу ага алты добуш жетпей калды.
Мерц АКШ менен кантип алака түзөт?
Немис канцлеринин алдында турган орчундуу маселе - Берлиндин Вашингтондогу администрация менен чыңалган мамилеси. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ондогон жыл бою Германиянын жетекчилиги колдогон дүйнөлүк либералдык түзүлүш ушул тапта чоң сыноого кабылды.
Мерц Украинага колдоо көрсөтүү жана эң башкысы Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы туруу үчүн негизинен европалык өлкөлөрдүн ичинен "тилектештердин коалициясын" түзүүгө умтулат.
Андан кийинки өлкө ичиндеги маслелер: 2023-2024-жылдары солгун тарткан, быйыл деле абалы жакшырып кетпеген немис экономикасын көтөрүү, ашынган оңчул, популисттик "Германия үчүн альтернатива" (AfD) партиясынын талаптарына жооп табуу милдети турат. Бул партия февралда өткөн парламенттик шайлоодо экинчи орунга чыгып, Мерцтин "Христиан-демократиялык союзу" менен тизгин талашып келатат.
Мерц өлкөнүн карызын төлөөнүн катаал эрежелерине өзгөртүү киргизип, коргоо тармагына каржылоону көбөйтүп, 500 миллиард евролук фонд түзүүгө бел байлап турат. Анын аркасы менен калк ичинде AfD партиясынын кадыры көтөрүлүп, төрт жылдан кийинки шайлоодо жеңип чыгуусуна жол бербөө үчүн экономиканы кайра жандантууну көздөйт.
Еврошаркеттин лидерлери менен жакын алака-катыш түзүү
Албетте, немис канцлери саясий сапарынын башында эл аралык аренада жарк деген таасир калтыргысы келет. Бул аптада анын иш тартибинде Париж, Варшава, Брюссел жана Лондонго барып, европалык биримдикти бекемдөө планы турат. Арийне, Мерц символикалуу ийгиликке жетээри шексиз.
Немис канцлери тышкы саясаттын көп жеринде көз карашы төп келген Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Польшанын премьер-министри Дональд Туск менен өнөктөштүктө "Веймар үчилтигин" жандандыргысы келет.
Алар Европанын коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнү, Орусияга кошумча санкция салууну, Украинаны Евробиримдикке кабыл алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоону жана Киевге аскердик колдоону көбөйтүүнү алга сүрөшөт. Германиянын буга чейинки өкмөтү саясий жүйөдөн улам Taurus канаттуу ракеталарын Киевге бере алган эмес. Эми ошол маселени украиндердин кызыкчылыгына чечүү турат.
Дагы караңыз Самарканд саммити: Евробиримдик Борбор Азияда оюнчу боло алабы?Британ-немис алакасына келгенде, Мерцке Лондон менен жакын саясий жана аскердик кызматташтык ишеним берет. Тажрыйбалуу Йоханн Вадепфулду тышкы иштер министрине көрсөтүп, элге алынган социал-демократ Борис Писториусту коргоо министринин кызматында кармап калганы эл аралык өнөктөштөрдүн көңүлүн жайлаткандай болду.
Бирок ошол эле маалда катаал карталар да бар.
Борбордук Европадагы популисттер менен мамиле
Мерц Борбордук Европада Венгриянын жана Словакиянын популисттик өкмөт башчылары Виктор Орбан, Роберт Фицо менен кызматташат. Будапешт менен Братислава Еврошаркеттин Украинага көрсөткөн саясий жана каржылык колдоосуна кошулбай, Кремлди катаал жазадан коргоп калган.
Ал эми эң чоң баш оору - АКШнын президенти Дональд Трамп. Берлин менен Вашингтонду бириктирген көп нерсе кагаз бетинде эле калган.
Экөө тең эң жогорку кызматка келгиче саясий тажрыйбасы аз "аутсайдер" саналганы менен корпоративдик башкарууда жана көз жоосун алган гольф талааларында дасыккан адамдар.
Мерц атлантикалык биримдикти катуу жактап келсе дагы быйыл февралда АКШнын вице-президенти Жей Ди Венстин Мюнхен коопсуздук конференциясындагы кескин сынынан жана Ак үйдө украин президенти Владимир Зеленскийге жасаган мамилесинен кийин көпчүлүк немистердей эле көңүлү ооруп калган.
Дагы караңыз Эмне үчүн кыргызстандыктарга Европага виза алуу оор?Шайлоодо жеңип чыккандан кийин Мерц Европаны Кошмо Штаттардан көз каранды болбоого чакырса, жакында эле америкалык аткаминерлерге немистердин ички саясатына кийлигишпегиле деп кайрылды.
Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык бюросу AfD партиясын "экстремисстик уюм" деп тапканын Вашингтон сындаган.
Ошол эле маалда маселенин практикалык жактары да бар. Мерцке Вашингтондун дагы узагыраак колдоосу зарыл. Ал июндун ортосунда Канадада "Чоң жетинин" жыйынында, ага удаа эле Гаагада НАТОнун саммитинде Трамп менен жолугат. Немистердин жаңы канцлерине Кошмо Штаттардын аскердик альянска берилгендиги, анын ичинде америкалык аскерлердин Германияда турганы маанилүү.
Ал ошондой эле экспортко басым жасаган немис экономикасы америкалык жогорку тарифттердин азабын тартпай турганына ынангысы келет. Вашингтон менен Брюссел соода-алакасын талкуулап жаткан тушта 8-июнга чейин тарифти көтөрүү токтоп турат.
Айтор, Мерц саясий сапарында дагы мүдүрүлүп кетүүдөн этият болуусу абзел.