Кызыл аянттагы парадга күбө болгон 30ка чукул лидердин арасынан көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзиньпинге бурулду. Москвадагы жеңиш парадынын максаты эмне? Путиндин Украинада үч күндүк жарашуу сунушу ишке ашып жатабы?
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвага баруудан баш тарткандан кийин Кызыл аянттагы парадга 30ка чукул лидер күбө болду. Көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзинпинге бурулду.
Жеңиш күнү - Орусияда чейрек кылымдан бери бийликте турган президент Путиндин, жалпы эле Кремлдин саясатында пропаганданын көзүрүнө айланган. Айрыкча Украинада согуш жүрүп жатканда Москвага бул аба менен суудай зарыл экени даана көрүнөт.
8-майга караган түнү Владимир Путин жарыялаган үч күндүк жарашуу күчүнө кирди. Бирок бейшемби күнү эртең менен украин куралдуу күчтөрү Сумы облусу башкарылган бомба жана ракета чабуулдарына туш болгонун билдирди. Украин лидери Зеленский ок атууну 72 саатка эмес 30 күнгө токтотууга үндөгөн.
Пакистан 7-майда эртең менен Индиянын ракета чабуулунан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады. Дели "Синдур" деп аталган аскердик операциянын алкагында Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына чабуул жасалып, тогуз жай бутага алынганын маалымдады.
Москва облусу эки күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. 6-майга караган түнү Москванын Кызыл аянтынын 11 чакырым жерде дрон жок кылынганы кабарланды.
Украин дипломаттары АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен ийгиликтүү иштеше алабы? "Азаттыктын" украин кызматынын суроолоруна саясий ишмер жана дипломат, Украинанын мурдагы тышкы иштер министри Вадим Пристайко жооп берди.
4-5-майда украин президенти Владимир Зеленский Прагада сапарда болду. Дүйшөмбүдө ал чех өкмөт башчысы, парламенттин кош палатасынын спикерлери жана коргонуу тармагындагы ишканалардын жетекчилери менен кездешти. Чехиянын бийлиги Орусия Украинага басып киргенден бери Киевге жардам көрсөтүп келатат.
АКШда террордук уюм деп таанылган Йемендеги хуси козголоңчулары Санаа шаарына жана айланасына урулган 10го жакын сокку үчүн Вашингтонду айыптады. Анын алдында Иран колдогон топ АКШнын өнөктөшү болгон Израилди бутага алып, бир дүрмөт Тел-Авивидеги эл аралык аэропортко тийген.
АКШда террордук уюм деп таанылган Йемендеги хуси козголоңчулары Санаа шаарына жана айланасына урулган 10го жакын сокку үчүн Вашингтонду айыптады. Анын алдында Иран колдогон топ АКШнын өнөктөшү болгон Израилди бутага алып, бир нече дүрмөт Тел-Авивидеги эл аралык аэропортко тийген.
Дагы жүктөңүз