Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Трамптын Саудияга сапары Израилге ишаратпы?


АКШ президенти Дональд Трамп жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман. Архив

Президент Дональд Трамптын тушунда АКШ саясатын өзгөртүп, Сауд Арабия менен жарандык өзөктүк энергетика жаатындагы кызматташуу сүйлөшүүлөрүндө падышалыктан Израил менен алакаларды жөнгө салууну талап кылбайт. Аналитиктер муну Тел-Авив үчүн терс көрүнүш деп чечмелешет.

Саясаттын өзгөргөнү Трамптын 13-майга белгиленген Эр-Риядга жасалчу сапары алдында жарыяланды.

Байдендин администрациясы Саудия менен өзөктүк кызматташтыкты чөлкөмдүк, анын ичинде Израил-Палестина ортосунда тынчтык орнотуу аракеттерине байланыштырган.

Вашингтон Эр-Рияддын таасир этүүчү инструменттери палестин мамлекетин түзүү маселесинде Израилди чегинтүүгө жардам берет деп үмүттөнгөн.

Бирок Газадагы согуштан жана Сауд Арабиянын палестин мамлекетин түзүү маселесиндеги чечкиндүү позициясынан улам мамилелерди жөнгө салуу иш жүзүндө токтоп калганда Трамптын администрациясы статус-квону кармап турууну тандап алгандай.

Айрым байкоочулар муну менен Трамптын артыкчылыктуу багыттарын баамдаса болорун белгилешет.

Нью-Йорктогу Eurasia Group борборунун улук аналитиги Грегори Брюнун пикиринде, тараптардын тыгыз байланыш түзүүгө кызыкдарлыгын эске алганда, саясаттагы мындай өзгөрүү “таңкалычтуу эмес”.

Аналитик “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде, Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салманды падышалыктын "курал-жарак менен камсыздалышы жана чабуулга кабылса, жардам берүү тууралуу оозеки убада азырынча канааттандырат” деп билдирди.

Брю муну менен бирге “Газадагы согуш жөнгө салынмайынча жана палестин мамлекетин түзүүдө мунаса болмоюнча” мамилелердин жөнгө салынышы жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Трамп үчүн экономикалык жыйнытыктар биринчи орунда турат, саудиялыктар муну түшүнгөндөй.

Израилдик көз карандысыз аналитик Майкл Горовиц Эр-Рияд өз сунуштарын Трамптын кызыкчылыктарына ыңгайлаштырган болушу керек деп боолгойт.

“Трамп өзүнүн алгачкы аймактык турнесинин ийгиликтүү өтүшүн каалайт. Бул – маанилүү, анын ичинде Вашингтондун Сауд Арабияга инвестиция салары тууралуу билдирүүлөр жасалышы керек дегенди туюндурат”, - деп айтты Горовиц.

Келишимге кандай баа менен болсо да жетишүү максаты барбы?

Трамп Израил же Жакынкы Чыгыш үчүн анын кесепети кандай болбосун, саудиялык ири инвестицияларды жана АКШнын падышалыктын өзөктүк программасына катышуусун камсыздоону көздөйт.

Горовицтин айтымында, Трамп регионалдык деңгээлдеги же өзгөчө Израилди “Газа жана Иран маселелеринде” ынандыруу кыйын болоруна көзү жетсе, ыктымал кесепеттерди эске албай эле аны эки фронттогу жеңиш катары кабыл алат.

Айрымдар мындай ойго кошулбайт. Трамп менен Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхунун ортосунда чыңалуу күчөп баратат.

Маалыматтарга караганда, АКШ президенти Нетаньяхунун маанилүү регионалдык демилгелерде Вашингтон менен бир позицияда болууну каалабаганына нааразы.

Израил үчүн Сауд Арабия менен мамилелерди жөнгө салуу Вашингтон менен Эр-Рияддын болочок кызматташтыгынын стратегиялык максаты жана маанилүү бөлүгү болчу.

Эми бул келишим сыягы Израилди камтыбастан алга жылат көрүнөт. Горовицтин айтымында, Израил үчүн бул “олуттуу утулуш” болуп саналат.

“Саудиялыктар аларга уранды өлкө ичинде байытууга шарт түзгөн программаны АКШ жактырсын деп аракет көрүдө. Мындай жагдай Израилди ого бетер камтама кылат”, - деп кошумчалайт аналитик.

Иран өңүтү

Аналитиктер келишимдин кесепети бүт аймакта, өзгөчө Иранда сезилиши ыктымал экенин эскертишет. Вашингтон менен Тегерандын өзөктүк сүйлөшүүлөрү жеңил жүргөн жок.

АКШ Иран уран байытуудан баш тартып, жарандык максаттагы өзөктүк программасына уруксат берилсе, уранды импорттошу керек деп эсептейт. Ислам жумурияты уранды байытуу аракеттери “талкууланбай” турганын айтып келет.

АКШ Эр-Риядга уран байытууга уруксат берсе, “Иран андайды кыла албайт деп айтуу кыйын болмокчу”, - деген ою менен бөлүштү Горовиц.

Саудиялыктар үчүн уран байытуу энергетика тармагындагы гана эмес, стратегиялык мааниге ээ кеңири маселе.

“Иран куралдана турган болсо, Сауд Арабия ошого жараша чара көрүшү ыктымал деген коркунуч бар. Иран андай жагдайды кубаттайт деп ойлобойм”, - дейт Брю.

Шерине

XS
SM
MD
LG