Польша Орусиянын атайын кызматын былтыр майда Варшавадагы Marywilska 44 соода борборунда өрт койгону үчүн айыптады. Премьер-министр Дональд Туск: «Кылмышкерлердин кээ бирлери кармалганын, калгандары аныкталып, издөө жарыяланганын жана алардын бардыгы табыларын» билдирди.
Польшанын ички иштер министри Томаш Семоняк жана баш прокурор Адам Боднар биргелешкен билдирүүдө өрт «орус атайын кызматынын буйругу менен коюлганын” жазышты.
Маалыматтарга караганда, алар мындай жыйынтыкка литвалык коопсуздук кызматкерлери тартылган “интенсивдүү иликтөөнүн” жыйынтыгында келишти.
Өткөн жылы 12-майга караган түнү Варшавадагы өрттө соода борбору күйүп кеткен, ижарага алынган бир жарым миңдей жай жок болгон.
Адистер дароо эле имаратка атайылап өрт коюлганын болжолдошкон.
Дүйшөмбүдө Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Орусиянын Краковдогу консулдугун жабуу чечимин жарыялады.
Ошондой эле Варшава ал өкүлчүлүктө иштеген орусиялык үч дипломатты “персона нон грата” деп тааныды.
Орусиянын тышкы саясий мекемеси “тиешелүү жооп кайтарыларын” эскертти. “Варшава жарандардын кызыкчылыктарына каршы аракеттенип, атайылап алакаларды талкалап жатат”, - деп билдирди министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова.
Шерине