АКШ "Газпром нефть Азия" ишканасына санкция салды
Украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алды. Украинанын президенти Владимир Зеленский аларды Орусиядагы украин туткундарына айырбаштоого даяр экенин билдирди. Социал-демократтар партиясынын бир мүчөсү милицияга сурак берип, дагы бир мүчөсү кармалганы кабарланды. Партиянын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун жакындары анын ден соолугу начарлап жатканын айтса, Жаза аткаруу кызматы ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын билдирди. АКШнын Каржы министрлигинин башкармалыгы Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салды. Батыш өлкөлөрү мурдараак Кыргызстандагы он чакты компанияны Орусия менен кызматташканы үчүн "кара тизмеге" киргизген.
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды
-
Май 05, 2025
Геленжик: Үч мигрантты уранды басып калды
-
Май 02, 2025
Сөз эркиндиги: Кыргызстан 24 баскычка артка кетти
Шерине