Украинага жапырт чабуул, абактагы Султанбековдун ачкачылык кармаганына 37 күн болду
Орусиянын армиясы Украинанын аймагына ракета менен кайрадан жапырт сокку урду. Москва муну "Батыштын куралы менен украин армиясынын орусиялык объектилерге жасаган чабуулдарына жооп" деп атады. Бишкекте башталган элдик курултайга келген делегаттар аймактардагы социалдык көйгөйлөргө басым жасап, таза суу, трансформация иштери, саламаттык сактоо, жол сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүүдө. Европарламент Кыргызстанда адам укуктарынын абалына тынчсызданып, өлкө демократия жолунан тайганын белгиледи. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды
-
Май 05, 2025
Геленжик: Үч мигрантты уранды басып калды
-
Май 02, 2025
Сөз эркиндиги: Кыргызстан 24 баскычка артка кетти
Шерине