Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

17-декабрдын аба ырайы тууралуу маалымат


Ала-Арча.
Ала-Арча.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 17-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз 1…3° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG