Испанияда селден набыт болгондор 200дөн ашты
Испанияда суу ташкындан набыт болгондордун саны 200дөн ашты. Жергиликтүү тургундар убагында чара көрүп, эскертүү бербегени үчүн бийликти күнөөлөсө, өкмөт мунун себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрүүдө. Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду сот 70 миң сом айыпка жыкты. Ал алты айча абакта жатып, кийин үй камагына чыккан эле. Министрлер кабинети 12 жылдык окуу боюнча концепцияны бекитти. Балдар мектепке 6 жаштан барат, нөлүнчү класс биринчи класс болуп эсептелет. Мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат.
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды
-
Май 05, 2025
Геленжик: Үч мигрантты уранды басып калды
-
Май 02, 2025
Сөз эркиндиги: Кыргызстан 24 баскычка артка кетти