Украинада кырдаал оор, Орусияда коргоо министри алмашты
Беш айдан бери тергөө абагында отурган журналист Махабат Тажибек кызы камерасында сабалган делген сүрөттөр жарыяланды. Жаза аткаруу кызматы аны четке какты. Быйыл январда Бишкекте 11 журналист кармалган, учурда төртөө камакта отурат. Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгунун ордуна экономист Андрей Белоусовду дайындады. Москва Украинада согуш баштаганы Шойгунун дарегине көп сын айтылды. Астана соту аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын экс-экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты. Анын тагдырын арачылар соту чечти.
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2025
Бишкектеги эскерүү: Дүйнөдө тынчтык болсун!
-
Май 08, 2025
Вэнс: Орусия "өтө көп нерсени" талап кылууда
-
Май 08, 2025
Жеңишке 80 жыл: Жаңы тарыхый фактылар жарыяланды
-
Май 07, 2025
Индия - Пакистан: Кашмирдеги кармаш