Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:16

УКМК чет элдиктерге жасалма диплом сатуу фактысы аныкталганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

УКМК чет элдик жарандарга жасалма диплом сатууга шектүүнү кармаганын 29-мартта кабарлады.

"2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин деканы болуп турган Ж.М.Б. аттуу аял Ирактын эки атуулуна 12 миң долларга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дипломун жасап бергени аныкталды", - деп билдирет атайын кызматтын басма сөз кызматы.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин "Кызмат абалын колдонуу менен алдамчылык кылуу" беренеси менен (209-берене) кылмыш иши ачылып, иликтөө уланууда.

ЖАМУнун администрациясы жана шектүү тарап комментарий бере элек.

Былтыр сентябрь айында Башкы прокуратура Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 82 студент жасалма документ аркылуу диплом алганы аныкталганын билдирген.

Окуу жайды текшерүү маалында бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө мыйзам бузуу фактылары катталган. (BCh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG