Баткенге өзгөчө макам берилет
Кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кайра кармалды. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров менен Аймен Касенов биригип, "Реформа" партиясынын алдында жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышмай болду. Баткендиктер Камчыбек Ташиевди пикет уюштуруп, тосуп алышты. Атайын кызматтын башчысы чек ара маселелерине өзү жооптуу экенин айтып, Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгаруу каралып жатканына токтолду. Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария оппозиция лидерин камакка алган сот чечимине нааразылык билдирип, кызматтан кетти.
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды
-
Май 05, 2025
Геленжик: Үч мигрантты уранды басып калды
-
Май 02, 2025
Сөз эркиндиги: Кыргызстан 24 баскычка артка кетти