Жээнбеков: Сот реформасына кайдыгерлер жазаланат
Президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны үзгүлтүккө учуратып же ага кайдыгер мамиле жасаган жетекчилер катуу жазаланарын билдирди. Мамлекетте реформага баруудан башка жол жоктугун айткан президент, жаңы жылдан тарта күчүнө кирип жаткан кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө айрым мамлекеттик органдар кайдыгерлик кылган же саясий эрксиздигин көрсөткөн учурлар бар экенин белгиледи. Өкмөттүн өкүлдөрү жаңы жылдан ишке кирише турган укуктук жаңы ченемдерге өтүүгө даяр экенин айтып, айрым кемчиликтер иш үстүндө жоюларына ишендиришти.
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2025
Жеңиш күнү Москванын саясий куралына айландыбы?
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 09, 2025
Бишкектеги эскерүү: Дүйнөдө тынчтык болсун!
-
Май 08, 2025
Жеңишке 80 жыл: Жаңы тарыхый фактылар жарыяланды