Саат сегизден тарта өлкөдө 2 365 шайлоо тилкеси ишин баштады. Чет мамлекеттерде референдум үчүн добуш берүүгө 35 шайлоо участогу ачылган. Андан тышкары Бишкекте кошумча 32 добушкана иштейт, анда башка аймактарда катталып, бирок борбор калаада жашаган шайлоочулар добуш бере алышат.
Референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо

50
Укук коргоочу Рита Карасартова сүрөттөгү студенттерди Медициналык академиядагы кошумча тилкеге алып бара жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

51
Студенттерди алып бара жаткан дагы бир сүрөт.

52
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттеги 1060 шайлоо тилкесиндеги көрүнүш. Баары добуш берүүнү күтүп жатат. Рита Карасартованын сүрөтү.