Парламент сатып алган кол сааттар
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы белекке деп алынган сааттар, акчалай сыйлык жана эс алууга кеткен чыгымдар боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин парламентте жети миллион сомдон ашык акча сый акыга жумшалганы, бир миллиондой сомго белекке берилчү кол саат алынганы, дагы ушунча суммадагы акча жайкы эс алууга коротулганы маалымдалган. Парламенттин алтынчы чакырылышы чыгымдарын кыскартуу боюнча бир катар убадаларды берген. Бирок иштегенине бир жыл боло элек депутаттарга коомчулукта доомат, сындар көп айтыла баштады.
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2025
Жеңиш күнү Москванын саясий куралына айландыбы?
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 09, 2025
Бишкектеги эскерүү: Дүйнөдө тынчтык болсун!
-
Май 08, 2025
Вэнс: Орусия "өтө көп нерсени" талап кылууда
-
Май 08, 2025
Жеңишке 80 жыл: Жаңы тарыхый фактылар жарыяланды