Жансакчы Александр Павловду Казакстанга экстрадициялоо чечимин Мадриддеги сот кечээ чыгарган эле. Бүгүн анын адвокаттары аны жокко чыгарыш үчүн доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылышаарын айтышты.
Павловду расмий Астана “банкты тоноого катышкан” деп билет, терроризм үчүн да айыптарды таккан. Бирок анын адвокаттары тагылган айыптар “негизсиз” экенин, мунун баарын Казакстан бозгундагы бизнесмен Мухтар Аблязовдун каякта жүргөнүн билиш үчүн гана жасап жатканын айтышууда.
Белгилүү ишкер жана азыр оппозициялык лидерлердин бири Аблязов өлкөдөн 2009-жылы “БТА банкын тоногон” деген айыптар айтыла баштаганда качып кеткен. Азыр каякта жүргөнү белгисиз. Эки ай мурун анын жубайы менен алты жашар кызын Италия Казакстанга өткөрүп берген.