"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Бишкектеги Диагностикалык борбордогу көйгөйдөн улам саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев сөгүш алды. 8-майга караган түнү Кремль жарыялаган үч күндүк жарашуу күчүнө кирди. Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.
Индия менен Пакистан бири-бирине сокку урду. Эки тараптан 30дан ашуун киши каза тапты. Кыргызстан кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. "Манас" аэропортунан Москвага учкан авиакаттамдар убактылуу токтотулуп, кайра жанданды. Ватиканда кардиналдар жаңы папаны тандоого киришти.
Саясатчы Султанбай Айжигитов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага арыз жазганын билдирди. Москва облусу эки күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. Казакстандын экс-премьери-министри Карим Масимов кантип байыган?
Краснодар крайындагы Геленжик шаарында курулушта үч кыргыз жаранын уранды басып калып, каза тапты. Бир киши ооруканага түштү. Йемендин башкалаасы Санаага сокку урулуп, ал үчүн хуси козголоңчулары АКШны айыптады. Ишембиде хусилер Тел-Авивидеги эл аралык аэропортко ракета аткан.
Одессада Орусиянын чабуулунан эки киши набыт болду. АКШ менен Украина сейрек минералдар боюнча "тарыхый" деп сыпатталган келишимге кол коюшту. АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар депортация болуп, Өзбекстанга учуп келишти.
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) аскерлери Газада палестиналык 15 куткаруучу, парамедикти өлтүргөнүн моюнга алды. Аскерлер маркумдардын айрымдары согушкерлер менен байланышта болгонун айтканы менен далилдерди келтире элек. Эки айлык жарашуудан кийин ЦАХАЛ 18-мартта анклавда согуштук аракеттерин жанданткан.
Сауд Арабиядагы жолугушууда Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. Кошмо Штаттар Киевге аскердик жардам берүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырды. АКШнын делегациясы Жиддадагы сүйлөшүүдө кабыл алынган макулдашуулар Москвага жакын арада жеткирилерин белгиледи.
Израил Газага багытталган гуманитардык жүктү кое бербей жатат. Ага чейин премьердин кеңсеси АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу убактылуу жарашууну алты жумага узартууга көнбөй койгонун билдирген.
Бир эле мезгилде эки шаарда же эки мамлекетте жашап көрдүңөр беле? Бельгия менен Нидерланддын чек арасындагы Барле шаарчасынын тургундары күнүгө бир нече жолудан улам бир өлкөгө кирип-чыгышат. Ал жакта чек ара үйлөрдү, ишканаларды, дүкөндөрдү, мэрияны бөлүп өтөт, айланада 30 анклав орун алган. Бирок тосмо, дубал көрө албайсыңар. Нидерланд тилинде сүйлөгөн жергиликтүүлөр кадам сайын өткөн чек араларга карбай ынтымактуу жашаганын айтышат.
Согуш башталганына үч жыл толгон күнү Вашингтон бул жааттагы саясаты кескин өзгөргөнүн далилдегенсип, БУУда Орусиядан Украинадагы аскерлерин тез арада чыгарып кетүүнү талап кылган резолюцияга каршы добуш берди.
Украинадагы согушту токтотуу багытында олуттуу дипломатиялык жүрүштөр башталды. Вашингтон менен Москванын делегацияларынын кездешүүсүнөн кийин уруш жакынкы арада токтойт деп айтууга негиз барбы? Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөргө чакырылбай калган Киев жана Брюсселдин көз карашы кандай?
АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабиядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинадагы согушту токтотуу келишимине жетсе болооруна “көбүрөк ишенип калганын” айтты. Киев ал жолугушууга чакырылган эмес.
АКШ жана Орусиянын жогорку расмий өкүлдөрү Украинадагы согушту токтотуу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Сауд Арабиясындагы жолугушууга Киев чакырылган жок. Президент Владимир Зеленский Украина катышпаган тынчтык сүйлөшүүлөрүн тааныбай турганын айтты.
АКШ жана Орусиянын делегациялары Эр-Риядда жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптын чыңалган мамилелерин жакшыртуу жана Украинадагы согушту токтотуу жолдору талкууланары кабарланган. Киев жана Еврошаркет бул жолугушууга чакырылган эмес.
АКШнын прокуратурасы Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковго ок атуучу курал-жаракты Орусияга мыйзамсыз ташыды деген айып такты. Ал бул куралдарды Америкадан Кыргызстанга алып келип, андан соң Орусияга жөнөткөн деп шектелүүдө. Жарновниковдун адвокаттары бул айыптар боюнча үн ката элек.
12-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Орусиянын мамлекет башчысы, андан кийин Украинанын лидери менен телефондон сүйлөштү. Трамптын айтымында, Владимир Путин да, Владимир Зеленский да тынчтыкты кааларын билдирген.
30-январда Газада АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган 8 кишини бошотту. Ок атууну токтотуу келишиминин шарттарына ылайык, ошол эле күнү Израилдин абактарынан 110 палестин чыгарылмак.
Газада ок атууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишим аткарыла баштады. Бул макулдашуу тилкеде тынчтыкты орното алабы? Тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди кандай тобокелдик тооруп турат?
2025-жылдын 20-26-январында дүйнөлүк басма сөзгө чыккан айрым макалаларга сереп.
Мексиканын бийлиги АКШдан артка кайтарылган жарандары үчүн баш калкалоочу жайларды даярдап, бирок президент Клаудия Шейнбаум үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттары кабыл алынбай турганын билдирди. Өз кезегинде Дональд Трамп Мексика менен чек арага бир жарым миң аскерди жөнөтүү тууралуу буйрукка кол койду.
Дагы жүктөңүз