Мигранттардын "кара тизмеден" чыгуу мөөнөтү узарды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-майда Орусиядагы кыргыз жарандарына кайрылып, бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесине” кирип калгандарды андан чыгууга берилген кошумча убакытты текке кетирбөөгө чакырды.

Мигранттардын документтерин легалдаштырууга кошумча мөөнөт президент Садыр Жапаров Орусия президенти Владимир Путинге расмий кат менен кайрылып, өтүнгөндүктөн гана берилгенин, бул акыркы мүмкүнчүлүк экенин жана узартылбай турганын белгилеген министр:

“1-сентябрга чейин реестрден чыкпасаңыздар депортация болосуздар”, – деп эскертти.

Министр Кулубаев “кара тизмедеги” кыргыз жарандарын убакытты текке кетирбөөгө, аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштырууну баштоого чакырды.

Жээнбек Кулубаев.

“Коюлган талаптарды аткаруу жеңил эле, болгону бир аз убакыт табуу зарыл. “Сентябрга чейин убакыт бар да” деп жүрө бербөөгө чакырабыз. Анткени ага жакын калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болуп, үлгүрбөй калышыңыздар мүмкүн. “Дагы узартат” деген үмүт менен бул маселеге кайдыгер карабагыла. Мөөнөт бүткөндө “өкмөт жардам берген жок”, “президент сүйлөшкөн жок” деген дооматтар негизсиз болот. Тышкы иштер министрлиги ар дайым жарандардын укуктарын коргоого жана мекендештерибизге мыйзам чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошону менен бирге, мыйзамдашуу аракетин өз убагында көрүү ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги экенин эскертебиз”, – деди Кыргызстандын башкы дипломаты.

Көзөмөлдөөчү реестрден чыгуу үчүн ар бир жаран аймактык миграциялык бөлүмгө кайрылып, себебин такташы, эгер дактилоскопия (бармак издерин тапшыруу), медициналык кароо сыяктуу процедуралардан өтө элек болсо Сахарово миграциялык борборуна, ал эми аймактарда жашагандар полициянын миграциялык бөлүмүнө кайрылышы керек экени эскертилди.

Министр белгилегендей, эмгек келишиминин негизинде миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылат, жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт, документтерде кемчилик болсо (мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо) – административдик жоопко тартылып, 5000–7000 рубль өлчөмүндө айыппул салынат. Айып төлөнгөн соң документтер мыйзамдаштырылат.

Мунун баары 1-сентябрга чейин бүткөрүлүшү керек.

Орусиянын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (“кара тизмеге”) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн быйылкы жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилген.

Апрель айында Орусиянын президентинин чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов менен Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен жолуккан.

Анда Орусия өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартканы белгилүү болду.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмазбек Байбосов Орусиядагы 78 миң кыргызстандык жаран өзүнүн укуктук макамын мыйзамдаштырууга тийиш экенин айткан.

Дагы караңыз "Армия же депортация". Орусияда мигранттар кантип тузакка түшүүдө?

Ал Орусиянын миграциялык каттоосунда 379 миң кыргызстандык турганын, алардын ичинен 85 миңдейи бул өлкөдө мыйзамсыз жүрөт деп катталганын билдирген.

"Тышкы иштер министрлиги жарандарыбыздын укуктук макамын мыйзамдаштыруу максатында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн мекендештердин саны 78 миңге азайды. Бир канча мигрантыбыз Орусиядан чыгып кетти", - деген Байбосов.

Дипломаттын маалымдашынча, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусия менен Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары кыргыз мигранттарына жеңилдиктерди кароо маселесин сүйлөшүүдө.

ТИМ Кыргызстандан барган мигранттардын укуктук макамын мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну Орусиянын расмийлери менен талкуулап жатканы буга чейин да кабарланган.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Дагы караңыз Министр Кулубаев Орусиянын "кара тизмесиндеги" мигранттарга кайрылды



Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул мыйзам Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.