Жаш да болсо тасмалары менен элге дурус таанымал кыргыз кинорежисеру Нурбек Эген “Азаттык” үналгысынын “Интернет эрөөл” түз жыйынында окурмандар менен баарлашып жаткан учур. Бишкек. "Азаттык Медиа" мекемеси. 16.5.2011.
“Аталар керээзи” көркөм фильми жана “Манастын төрөлүшүн утурлап” даректүү публицистикалык тасмасы менен жумурай-журтка таанылып калган кинорежиссер Нурбек Эген окурмандарыбыз менен түз жыйында баарлашты. 2 сааттык түз жыйын бүгүн, 16-майда Бишкек убакыты боюнча саат 17де аяктады.
Бир канча жылдан бери Москвада жашаган кыргыз кинорежиссеру азыр “Үй” деп аталган жаңы көркөм тасмасын тартуу үчүн атажуртуна келген.
Бул фильм сыртка иш издеп чыккан кыргыздын бир мигрант кызынын тагдыры жөнүндө болот. Тасма Кыргызстанда, Орусияда жана Англияда тартылмакчы.
Жалпы эрежебизге сыйбаган пикирлер шеринеге түшпөгөндүгүн эскерте кетмекчибиз.