Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Атаханов кызматтан алынды

Авазбек Атаханов.

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 13-майда белгилүү болду.

Атаханов бул кызматка былтыр 5-сентябрда дайындалган.

Ага чейин 2023-жылы августтан тарта тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Пакистанда ага чейин элчи болуп иштеген Уланбек Тотуяевдин былтыр 27-июнда кызматтан алынышы талкууга түшкөн. Анда элчи “жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн” кызмат ордунан бошотулганы белгиленген.

Ал кызматтан алынгандан кийин “Азаттыкка” маек берип, иштен алынганына тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана анын орун басары Авазбек Атахановдун жеке дооматтары себеп болушу мүмкүн экенин айткан. ТИМ бул дооматтарды четке кагып, Тотуяев боюнча элчиликтин кызматкерлеринен арыз түшкөнүн, анда “элчи ыйгарым укуктарынан тыш тапшырма берип, этикага жатпаган мамиле жасай турганы” белгиленгенин билдирген.

Дагы караңыз

Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө Трамп да барышы мүмкүнАба ырайы: аймактарда өткүн өтөтСадыр Жапаров Ташиевдер мунай базасын сатып, мамлекетке оорукана салып бергенин билдирдиШаардык сот укук коргоочу Карасартованы абакта калтырды