Өкмөт Кыргызстанга цемент ташып келүүгө уруксат берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Кыргызстанга цемент ташып келүүгө салынган убактылуу чектөөнү алып салды.

Цементти импортуна ушул жылдын 31-мартында жарым жылдык тыюу салынган. Өкмөт бул чечим ички рынокту коргоо жана ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында кабыл алынганын билдирген.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда цементтин тартыштыгы байкалып, баасы көтөрүлгөн.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн түндүгүндө М-400 үлгүсүндөгү цементтин баасы заводдордогу оңдоо иштерине жана сезондук суроо-талапка байланыштуу кымбаттап кеткенин кабарлаган. (BTo)


Дагы караңыз

Президент өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеевге катуу сөгүш бердиИндия жана Пакистан ортосундагы ок атышпоо келишими сакталып жатканы кабарландыУкраина Орусия менен түз сүйлөшүүгө даярдыгын, биринчи кадам катары атышуу токтошу керек экенин билдирдиБаткен: "Алга кадам" каналын курууга зарыл маселелерди тез чечүү талабы коюлдуБишкек: Таштандыны кайра иштетип, электр өндүрүүчү завод жыл соңунда ачылат