Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусунун Ноокат районунда спорттук иш-чара учурунда болгон окуя тууралуу маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы 10-майда тараткан кабарда окуя 9-майда Жаңы-Ноокат айылынын аймагындагы «Сахаба» эс алуу жайында спорттук таймаш өтүп жаткан учурда болгону, эки спортчу ортосунда пикир келишпестик чыкканы айтылды.
"Аталган мелдеште көрүүчүлөрдүн саны көп болуп, арасынан ортого чуркап чыккандар болду. Бул көрүнүштү көп сандаган көрүүчүлөр видеого тартып алып, маалымат каражаттарына массалык мушташ болду деп таратылып кетти. Аталган мелдеште эч кандай массалык мушташ болгон жок, ошондой эле бир дагы жаран жаракат алган жок", - деп билдирди ИИМ.
Милиция бул фактыны каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп жатканы маалымдалды.
Бул күнү аталган жайда алыш күрөшү боюнча мелдештер өтүп жаткан. Бир топ адам мушташып, аларды күч кызматкерлери токтотууга аракет кылып жаткан окуянын видеосу социалдык түйүндөргө "Ноокатта калайман мушташ чыкты" деп тараган. (RK)