Ошто күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип, 12-мартта саат 9:11де Кыргызстандын аймагында жер титирөө болгонун кабарлады.

Жердин силкинүүсү Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин, Кара-Суу шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.


9-мартта Кыргызстанда эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Январь айында өлкөнүн түштүк тарабында, Ош, Жалал-Абад облустарында бир нече ирет жер силкинген. (BTo)

Дагы караңыз

Бизнести колдоо үчүн инвестициялык аймак түзүү сунушталдыУкраина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду, АКШ аскердик жардам көрсөтүүнү улантатТрамп Канададан ташылган болотко, алюминийге бажы төлөмдү 50% көтөрөт11-март: Жапаров Бакиевдер боюнча комментарий берди, Эмомали Рахмон Бишкекке келетФилиппиндин мурдагы президенти Дутерте Гаагага учак менен жөнөтүлдү